Жекшемби күнү Чүй облусунун Озерный айылында жол тандабастардын жарышы болуп, аңгыл-дөңгүл жолдон коркпогондор чогулушту.
Кыштын жакындашына карата уюштурулган иш-чараны жол тандабас унаасы барлардын "Штурмовик" кыймылы уюштурду. Автомашиналардын таймашын көрүү үчүн калың эл келди.

Жарышка даяр турушкан темир тулпарлар

Мелдештин жүрүшүндө катышуучулар ар кыл сыноолордон өтүштү

Шамал менен тең жарышкан унаалар

Жол тандабастардын турнирин көргөнү келген күйөрмандар

Ар кыл кыйынчылыктарды жеңе билген темир тулпарлар

Мелдештин эрежеси боюнча ылай аралашкан көлчүктөн өтүү зарыл

Адистер көлчүккө тыгылган унааларды алып чыгууга жардамдашып жатты

Бул спортто сөзсүз түрдө коргоочу беткап кийүү керек. Ансыз болбойт

Унааларына бөркүндөй эле ишенген катышуучулар

Турнирди чагылдыруу үчүн журналисттер да келишкен

Унааң мыкты болсо, кыйынчылык кеп эмес

Турнирдин жүрүшүн калыстар байкап турду

Бул спортту артынан сая түшкөн адамдар гана түшүнөт

Оюндун кызыгына баткан көрүүчүлөр

Катаал шартка чыдабаган унаалар бузулуп да жатты

Жарышка бир гана унаалар эмес, төрт дөңгөлөктүү квадроциклдар катышты