БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Беттешүү Москвадагы өрттөн каза болгон кыз-келиндерди эскерген аза минутасы менен башталды, ал эми кыргызстандык футболчулар оюн талаасына аза лентасын байланып чыгышты. Матчты Чарымурат Курбанов башында турган түркмөнстандык калыстардын тобу тейледи.
Оюндун 44-мүнөтүндө улуттук команданын четки чабуулчсу Валерий Кичиндин аракети менен эсеп ачылып, биринчи тайм 1:0 эсеби менен жыйынтыкталды.
Экинчи бөлүктө да кыргызстандыктар жигердүү оюн көрсөтүп, 82-мүнөттө Мирлан Мурзаев экинчи топту киргизүүгө жетишти.
Эскерте кетсек, аталган эки команда алгачкы жолу мындан 22 жыл мурун — 1994-жылдын 17-апрелинде Бишкекте кездешкен. Андан оюн 0:0 эсеби менен аяктаган.
Ал эми андан кийинки эки оюн кыргызстандыктар үчүн ийгиликсиз болуп, Алматыдагы беттешүүдө 5:2, 2014-жылы Астанадагы оюнда 7:1 эсеби менен утулуп калган.

Футболчулардын оюн алдындагы даярдыгы. Беттешүү Москвадагы өрттөн каза болгон кыз-келиндерди эскерген аза минутасы менен башталды, ал эми кыргызстандык футболчулар оюн талаасына аза лентасын байланып чыгышты

Жолдоштук оюн Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү

Матчты Чарымурат Курбанов башында турган түркмөнстандык калыстардын тобу тейледи

Эки команда алгачкы жолу мындан 22 жыл мурун — 1994-жылдын 17-апрелинде Бишкекте кездешкен. Андан оюн 0:0 эсеби менен аяктаган

Казакстандык оюнчуларды колдой турган сүрөөнчүлөр да келишкен

Оюн көрүүгө бир да беттешүүнү калтырбаган эң жигердүү күйөрман да келди

Кыргызстандыктар башынан аягына чейин жигердүү оюн көрсөтүштү

Биринчи голдон кийинки кыргызстандык футболчулар

Кыргызстандыктар ак түстөгү форма кийсе, атаандаштар көк түстөгү кийим кийишти

Кыргызстандыктардын дарбазасынын жанындагы чукул кырдаал. Дарбазачы валерий Кашубанын чеберчилиги

Улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин. Оюнчуларга кеп-кеңеш берүүдө

Талаш учурлар да кыйгап өткөн жок

Кыргызстандыктар чабуул учурунда

82-мүнөттө Мирлан Мурзаев атаандаштын дарбазасына дагы бир гол киргизди

Оюн 2:0 эсебинде кыргызстандык команданын жеңиши менен аяктады
