Доор адамы Дооронбек Садырбаевдин сүрөттө калган элестери

Жазылуу
Бүгүн белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, жазуучу, кинорежиссер, Кыргыз Эл Баатыры, КРдин Эл артисти Дооронбек Садырбаев көзү тирүү болгондо 77 жашка чыкмак.

Бул датага карата Sputnik Кыргызстан бул инсандын өмүрүн, ишмердүүлүгүн чагылдырган сүрөттөрдү окурмандарга тартууламакчы.

Дооронбек Садырбаев замандаштарынын эсинде ар тараптуу адам катары калды. Бирөөлөр режиссер, бир катары акын, кай бирлери коомдук ишмер, саясатчы катары эскерип келишет.

Народный артист КР Дооронбек Садырбаев - Sputnik Кыргызстан
Искусство ишмерлерин сагынткан Садырбаев. Тартылбай калган тасмалар
Садырбаев 1939-жылы 13-февралда Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Апыртан айылында жарык дүйнөгө келген. 

Ал 1995-жылдан тартып көзү өткөнчө чейин (2008-жылын 28-май) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин үч чакырылышынын депутаты болгон. 

Кыргыз адабияты менен көөнө өнөрүндө өзүнүн ордун таап, кыргыз маданиятынын казынасын эмгектери менен байытууга салымын кошкон. Ал эми саясатта аны бетке чабар, сөздүн жакшы маанисинде кежир жана бетке айткан инсан катары сыпаттап келишет.

Садырбаевдин "Махабат дастаны", "Акбаранын көз жашы" тасмасы тамшанып көргөн картиналардан. Андан сырткары чакан аңмелелери менен ырлары өзүнүн аудиториясын эбак тапкан. Көп талашты жараткан документалдуу "Кайран эл" тасмасын тарткан.

© из семейного архива Дооронбека СадырбаеваКыргыз Эл Баатыры, КРдин Эл артисти Дооронбек Садырбаев көзү тирүү болгондо 77 жашка чыкмак
Кыргыз Эл Баатыры, КРдин Эл артисти Дооронбек Садырбаев көзү тирүү болгондо 77 жашка чыкмак - Sputnik Кыргызстан
1/11
Кыргыз Эл Баатыры, КРдин Эл артисти Дооронбек Садырбаев көзү тирүү болгондо 77 жашка чыкмак
© из семейного архива Дооронбека СадырбаеваЧыгармачылыктагы үзөңгүлөш жолдошу, обончу Түгөлбай Казаков менен Ленинград шаарында. 1978-жыл
Чыгармачылыктагы үзөңгүлөш жолдошу, обончу Түгөлбай Казаков менен Ленинград шаарында. 1978-жыл - Sputnik Кыргызстан
2/11
Чыгармачылыктагы үзөңгүлөш жолдошу, обончу Түгөлбай Казаков менен Ленинград шаарында. 1978-жыл
© из семейного архива Дооронбека СадырбаеваСадырбаев Кыргызстандын булуң-бурчундагы иш сапар менен чыкканда аны тааныгандар, чыгармачылыгына кызыккандар арбын боло турган. Ал көңүлүнө жаккан адамдар менен тез эле тил табышып кетчү дешет
Садырбаев Кыргызстандын булуң-бурчундагы иш сапар менен чыкканда аны  тааныгандар, чыгармачылыгына кызыккандар арбын боло турган. Ал көңүлүнө жаккан адамдар менен тез эле тил табышып кетчү дешет - Sputnik Кыргызстан
3/11
Садырбаев Кыргызстандын булуң-бурчундагы иш сапар менен чыкканда аны тааныгандар, чыгармачылыгына кызыккандар арбын боло турган. Ал көңүлүнө жаккан адамдар менен тез эле тил табышып кетчү дешет
© из семейного архива Дооронбека Садырбаева"Махабат дастаны" тасмасын тартып жүргөн учурлардан. "Ал тыныгуу учурунда, колуна комуз алып, обон созо койчу",— дейт Кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматова
Махабат дастаны тасмасын тартып жүргөн учурлардан. Ал тыныгуу учурунда, колуна комуз алып, обон созо койчу,— дейт Кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматова - Sputnik Кыргызстан
4/11
"Махабат дастаны" тасмасын тартып жүргөн учурлардан. "Ал тыныгуу учурунда, колуна комуз алып, обон созо койчу",— дейт Кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматова
© из семейного архива Дооронбека Садырбаева"Түркүн тагдырлар" тасмасын тартууга даярдык
Түркүн тагдырлар тасмасын тартууга даярдык - Sputnik Кыргызстан
5/11
"Түркүн тагдырлар" тасмасын тартууга даярдык
© из семейного архива Дооронбека СадырбаеваБул сүрөткө Дооронбек Садырбаев жана жубайы Сонунбүбү Көлбаева экөө театрга бара жаткан учурда түшүптүр
Бул сүрөткө Дооронбек Садырбаев жана жубайы Сонунбүбү Көлбаева экөө театрга бара жаткан учурда түшүптүр - Sputnik Кыргызстан
6/11
Бул сүрөткө Дооронбек Садырбаев жана жубайы Сонунбүбү Көлбаева экөө театрга бара жаткан учурда түшүптүр
© Фото / из семейного архива Дооронбека СадырбаеваНебереси Шерболот менен
Небереси Шерболот менен - Sputnik Кыргызстан
7/11
Небереси Шерболот менен
© из семейного архива Дооронбека СадырбаеваИш учурунда. Мыйзам долбоорлору, ырлар, сценарийлер...
Иш учурунда. Мыйзам долбоорлору, ырлар, сценарийлер... - Sputnik Кыргызстан
8/11
Иш учурунда. Мыйзам долбоорлору, ырлар, сценарийлер...
© из семейного архива Дооронбека СадырбаеваСаясатка аралашып, оппозиция катарында жүргөн күндөрдөн
Саясатка аралашып, оппозиция катарында жүргөн күндөрдөн - Sputnik Кыргызстан
9/11
Саясатка аралашып, оппозиция катарында жүргөн күндөрдөн
© из семейного архива Дооронбека СадырбаеваЖогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынына депутат кези. 2002-жыл. Садырбаевдин юморлуу сөздөрүн парламенттеги коопсуздукту камсыз кылып тургандар да сагынып калышчу
Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынына депутат  кези. 2002-жыл. Садырбаевдин юморлуу сөздөрүн парламенттеги коопсуздукту камсыз кылып тургандар да сагынып калышчу - Sputnik Кыргызстан
10/11
Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынына депутат кези. 2002-жыл. Садырбаевдин юморлуу сөздөрүн парламенттеги коопсуздукту камсыз кылып тургандар да сагынып калышчу
© из семейного архива Дооронбека СадырбаеваДооронбек Садырбаев 2008-жылын 28-майда алтымыш тогуз жаш курагында дүйнөдөн кайткан
Дооронбек Садырбаев 2008-жылын 28-майда алтымыш тогуз жаш курагында дүйнөдөн кайткан - Sputnik Кыргызстан
11/11
Дооронбек Садырбаев 2008-жылын 28-майда алтымыш тогуз жаш курагында дүйнөдөн кайткан
Жаңылыктар түрмөгү
0