"Бакайдын жайыты", "Уркуя", "Көк серек", "Кызыл алма", "Улан", "Алтын күз", "Ак илбирстин тукуму", "Сүйүү закымдары" — "кыргыз кереметинин" символуна айланган тасмалар.
Эл арылык конкурстардын жана кинофестивалдардын лауреаты, Польшанын жана Казакстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, СССРдин эл артисти Төлөмүш Океев карапайым, тамашакөй, жөнөкөй адам болгон деп эскерет анын замандашы, сүрөтчү Александр Федоров.
"Улан" фильмин тартып жатканда жергиликтүү атка минерлердин бири Жамал Сейдакматованы жолугушууга чакырат. Жамал Океевге келип айтса, ал баягы чоңду тамашага салалы деп сунуштайт", — деп айтып берди Федоров.
Океев актрисанын тасмада ойногон кийимин кийип алып, күүгүм түшкөндө баягы кишини күтүп туруп калат. Тасманы тартууга катышкандарын баары бадалдын артына жашынып алып карап турушат.
"Эч нерседен шек санабаган баягы ашык, өзү күткөн "сулууну" кармалай баштайт. Алдында режиссер турганын көрүп эси ооп кала жаздаган", — деп эскерет Федоров.
Анын айтымында, режиссер бала кезин көп эскерип, мекенин абдан сүйөр эле.
"Жылкылар. Комуздун кайрыктары. Манасчы, туугандар, тааныштар… Жыл өткөн сайын адам бала кезинен, капарсыз өткөргөн күндөрдөн улам алыстап, жашоо океанынын курчоосунда калат. Ошол кармашта өзүңдүн жеке күчүңө гана ишенесиң. Кубанычтарчы? Алар да жээкте калат. Сен андан ары сүзүшүң керек…" — дечү Океев.
Океев — "Кыргызфильм" студиясынын атайын билими бар биринчи үн режиссеру эле. Анын биринчи тасмасы режиссер Лариса Шепитьконун "Аптап" фильми болгон. Океев "Бул жылкылар", "Боом" жана "Мурас" аттуу даректүү тасмаларды тарткан, "Канаттуу искусство" китебинин жана көп сандаган сценарийлердин автору жана тең автору.
Төлөмүш Океев Кыргызстандын Түркиядагы алгачкы элчиси болгон. Ал бул кызматта 1993-жылдан тартып 2001-жылдын 18-декабрында жүрөгү токтоп калганга чейин иштеген…