Москва — дүйнө жүзүндөгү "мен" деген мегополистердин бири. Мында таң атары менен миллиондогон адамдар жумушка барып, андан көбү үйүнө кайтышат. Албетте, алардын арасында кыргыздарды да кезиктирүүгө болот. Деги эле кыргыздарды жолуктурбай коюeга мүмкүн эмес. Бул ирет ошол кумурскадай кыбырап, кабыргасы кыйышканына карабай каражат таап жаткан кыргыздар тууралуу кеп кылабыз.
Аларды түз эле аэропорттон жолуктурууга болот. Бишкек — Москва каттамы менен Шереметьево аэропортуна конгондуктан адашкан козулардай эле жүрөбүз. Жан талаша жазууларды окуганча кыргызча кеп урушуп жаткан кыздарга кулак түштү. Алар менен амандашып, барчу багытыбызды сурасак, кеңири кылып айтып беришти. Кудуңдап алып жөнөй бердик. Аэроэкспресс (метронун бир түрү) аркылуу шаарга жетип, бизди күтүп жаткан россиялык кесиптештер менен учурашкан соң, "жолдо чарчадыңар, тамактаналы" деп түз эле ашканага алып барышты. Кирип барарыбыз менен эле жылмайган кыргыз кыздары тосуп алды. Көрсө, бул жакта официант болуп иштешет экен.
Ал күнү семинар бүтүп, жашаган жерибизге жөнөдүк. Кесиптештерибиз KFC тез татымдын тамактарын мактагандыктан айланып өтө албай, чыгаарыбыз менен эле ошол жакка бардык. Ашпозчусунан тарта, пол жуугучуна чейин мекендештерибиз экен. Кассада турган Нурбектин сунушу менен тамактарды тандап, курсактарды кампайттык да, үйгө бет алдык. Жетелешкен кыз жигити да, коляска сүйрөгөнү, метро алдында алма сатканы да кыргыз. Кыскасы, кадам сайын кыргыздарды жолуктурсаңыз таң калыштын кереги жок экен. Кесиптешим Айида дагы, "оо кыргыздар экен" деген сөзүн айтпай калды.
Метродон чыксак медициналык борборду жарнамалап турган кыргыздар кадимкидей соодалашып, сөзсүз дарыланып кетүүгө чакырды. Ал эми документке сүрөткө тартып иштеген Данияр заматта сапаттуу сүрөт чыгарып берерин айтса, таксист болуп эмгектенген Тилек байке арзаныраак жеткирип коюну сунуштады. Орусча сүйлөп убара тартуунун деле кереги жок. Тейлегендин баары эле мекендештерибиз. Айылда гитара менен таң атырган жаштар Москвага агылып эле келип калгандай.
Окемдердин орой мамилесине кыңк дебей, тилин тишине басып иштеген мигранттар менен бирге миллиондогон акчаларды тапкан мекендештер да жок эмес. Кыргыздарга эле тонолуп, мекендештерине эле алдангандар андан көп. Албетте, алар жыргагандан жылкычы болгон жок. Айла жоктун амалы. Кыйын кырдаалда кырын салган замандын кыйындары!
Ач курсак тоер, көр тирилик өтөөр. Ал эми улуттун келечегине жаракка кетсе, бүтөлүшү кыйын. Андыктан бул чоң көйгөйдү чечүү жолун чогуу ойлонолу. Арканды алыс таштап, журналист катары мен, окурман катары сиз айласын издеңиз! Беш манжа бөлөк — билек бир, беш адам бөлөк — тилек бир. Бир билекке биригип, бул апаатка бир туралы! Көйгөйдү ак үй менен көк үйдөгүлөр чечип бербейт. Тилекке каршы, карапайым калк өзү гана чечет! Шайлоо алдында добуштарды сатпасак, жумушка тууган-урук эмес, дасыккан адистерди алсак, топурап той өткөрбөй, каражатты балдардын келечегине, билимине жумшасак, тогузду бүтө элек баланы жумушка жөнөтпөй, билимге багыт берсек, пара бергенди токтотуп, бара берсек, түндүк-түштүк маселесин түп тамыры менен жойсок!
P.S. Жогоруда жазылган жагдай жаңылык эмес. Алгачкы ирет айтылып жаткан чакырык эмес! Тамгаларды терүү менен көйгөй чечилбешин эң сонун түшүнүп турам. Тилекке каршы, журналист катары колумдан ушул гана келет. Сиз дагы эринбеңиз!