Октябрда теракт болушу мүмкүн дейт. Негизи барбы же ормон опузабы?

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын ИИМ кызматкерлери, архивдик сүрөт
Кыргызстандын ИИМ кызматкерлери, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эксперттер теракт тууралуу эскертүүлөргө көз карашы жана мунун артында эмне бар экенин айтып беришти. АКШ менен Улуу Британия элчиликтеринин эскертүүлөрүнүн арты кандай болорун Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуз.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Ишемби күнү АКШнын, ал эми жекшемби күнү кечинде Улуу Британиянын элчиликтери октябрь айында Кыргызстанда терактылар болушу мүмкүн деген маалымат таратты.

Sputnik Кыргызстан эксперттерден айтылып жаткан бул эскертүүлөр канчалык деңгээлде чындыкка жакын деген суроолорго жооп издеп көрдү.

Баары жайында

КРдин коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча мурдагы вице-премьери Токон Мамытов теракт болушу мүмкүн деген эскертүү азыркы чалкеш маалда кадыресе эле көрүнүш экендигин айтып, бул жерде чочулай турган жагдай жок экендигин белгиледи.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКРдин коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча мурдагы вице-премьери Токон Мамытов
Встреча президента Алмазбека Атамбаева с председателем Ассамблеи народа Кыргызстана Токоном Мамытовом - Sputnik Кыргызстан
КРдин коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча мурдагы вице-премьери Токон Мамытов

Анын айтымында, 90-жылдары жана 2000-жылдары ар кыл өлкөлөрдүн элчиликтери терактылар болушу мүмкүн деген эскертүү жасаган. 

"Бул Кыргызстан эле эмес, башка жактарда да өзүн актап келет. Жакында эле алардын Африка жана башка чыгыш өлкөлөрүнө барбай тургула деген эскертүүсүн эске алалычы. Аны менен катар эле Балкан, Кавказ, андан сырткары, Борбор Азия мамлекеттери боюнча да эскерткен. Дипөкүлчүлүк Фергана өрөөнүнө барбай туруу зарылдыгын да айткан. Бул Баткен окуялары учурунда болгон", — деди Мамытов.

Ал Россия жана башка мамлекеттер да кандайдыр бир кооптуу маалымат алганда өз жарандарын эскерте турганын кошумчалады.

"Биз деле өзүбүздөн жарандарыбызды маселен, Түндүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнө жаратылыш кырсыктары — суу ташкындары, цунами сыяктуу кырсыктар болуп кетиши мүмкүн деген аймактарга барууда эскертүү беребиз. Ал эми терактылар же башка кооптулуктар жаралганда, албетте, айтышат да",— деди Мамытов.

Анын айтымында, кооптуулук канчалык деңгээлде күч экенин айтуу кыйын. Эксперт террорчулардын аракети тууралуу эскертүү дүйнөлүк практикада кенен колдонулуп келерин, бул чектен чыккан деле көрүнүш эмес экени баса белгиледи. 

"Кыязы, атайын кызматтар өз ара маалыматтарды, фактыларды буга чейин эле алмашса керек. Эми биздин тартип коргоо органдары айтылгандарды тез арада текшерип, ага карата тиешелүү чараларды көрүшү керек. Азыр өлкө үчүн эң маанилүү нерсе — биздин аймакта жасалат деген терактынын алдын алуу",— деп айтты эксперт.

Дүрбөлөңгө салбаш керек

УКМКнын ардагери коопсуздук маселелери боюнча эксперт, атайын кызматтын отставкадагы полковниги Талант Разаков терактылар туурасындагы билдирүүлөргө олуттуу мамиле жасоо зарылдыгын айтты.

© Фото / предоставлено Талантом РазаковымУКМКнын ардагери коопсуздук маселелери боюнча эксперт, атайын кызматтын отставкадагы полковниги Талант Разаков
Ветеран ГКНБ, эксперт по проблемам безопасности, полковник спецслужб в отставке Талант Разаков - Sputnik Кыргызстан
УКМКнын ардагери коопсуздук маселелери боюнча эксперт, атайын кызматтын отставкадагы полковниги Талант Разаков

"Албетте, дипөкүлчүлүк катуу билдирүү жасады. АКШнын ар бир аймакта, анын ичинде Кыргызстанда да позициясы бар экендигин айта кетүү керек. Мындан улам билдирүү боюнча укук коргоо органдары бир катар чараларды көрүшү керек", — деди эксперт.

Разаков террористтик уюмдар жакшы каржыланарын, дүйнөнүн ар жеринде теракт жасоого даяр экенин айта кетти. 

УКМК кызматкери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
АКШ элчилиги УКМКга теракт коопсуздугу боюнча маалымат берген эмес
"Жакында эле Кытай элчилигинде болгон теракт бул ойду жарым-жартылай ырастап турат. Алдын ала алынган маалымат боюнча жан кечти Сириядан келиптир. Бул бир топ эле олуттуу белги жана эскертүү. Күч түзүмдөрү бул жагдайды да эстен чыгарбашы керек. Негизи эле жалпы эл коомдук унаа болобу, көчөдө болобу — бардык жерде этият болушу кажет", — деди ал.

Разаковдун айтымында, күч түзүмдөрү элди дүрбөлөңгө салбоо үчүн жасап жаткан иштери тууралуу жар сала бербейт. Бирок терактыларды болтурбоо үчүн бардык аракеттерди көрүп келет.

Саясат таануучу Игорь Шестаков теракт тууралуу эскертүүлөрдү геосаясий көз караштан алып кароо керектигин, билдирүүлөрдө кандайдыр бир анык нерсе жок экенине токтолду.

© Фото / Дмитрий ФедоренкоСаясат таануучу Игорь Шестаков
Политолог Игорь Шестаков - Sputnik Кыргызстан
Саясат таануучу Игорь Шестаков

"Билдирүүдө конкреттүү маалымат жок, ал геосаясий мүнөздө болушу мүмкүн. АКШ бир жагынан ЖККУ аймагында баары ойдогудай эмес экенин айткысы келсе, экинчи жагынан Кыргызстанда аскер базасынын ишин калыбына келтирүү тууралуу сүйлөшүүгө кандайдыр бир негиз издеп жатышы ыктымал", — деди ал.

Дагы бир саясат таануучу Марс Сариев Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына АКШ жана Улуу Британия элчиликтери кыргызстандык террорчунун видеокайрылуусунан кийин билдирүү жасап жатканын белгиледи.

© Фото / Аман СариевСаясат таануучу Марс Сариев
Кыргызский политолог Марс Сариев - Sputnik Кыргызстан
Саясат таануучу Марс Сариев

Ал кандайдыр бир окуя тууралуу эскертүү кадыресе көрүнүш экенин айтып, бирок ушу тапта кыргызстандык атайын кызматтар менен байланыш жок экени түйшөлтүп жатканын кошумчалады.

"Согушкерлердин видеокайрылуусу көкүрөк койгулаган сөз болгону менен баары бир аны көңүлдөн тыш калтырууга болбойт. Кооптуулук бар, аларга каршы туруу керек", — деди Сариев.

Саясат таануучу Кыргызстандагы түйшөлткөн абалдан улам потенциалдуу экстремисттерди аныктоо максатында ар кыл текшерүүлөр башталарын, бул өз кезегинде бир топ нааразылыкты жаратарын белгиледи. Анын айтымында, мында аша чаап кетүү опурталдуу иш болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0