23-августта Өзбекстандын эгемендүүлүгүнө карата президент Ислам Каримов өлкөнүн төрт жаранына "Ўзбекистон Қаҳрамони" наамына кошуп "Олтин юлдуз" медалын берип, мамлекет 31-августта белгиленүүчү Мустакиллик майрамына катуу даярданып жаткан. Анан калса өзбек элбашысы эки майрамда – Нооруз күнүндө жана Эгемендүүлүк майрамында эл алдына чыгып, көңүлү көтөрүлүп кетсе, "Анжиан бийине" да түшүп койчу.
Өзбек журту да ушуга көнүп калган, соңку күндөрдө Ташкенттен Бухара жана Самаркандга бир багытта, "Ангрен-Пап" деген экинчи багытта тез жүрөр поезддер каттамы ачылып, Рио-де-Жанейро шаарында болгон XXXI жайкы Олимпиада оюндарынан жалаң өзбек жигиттеринин турган команда төрт алтын, эки күмүш, жети коло медаль алып келип, өзбекстандыктар жерге батпай сүйүнүп турган учурда өлкө президенти төшөк тартып жатып калды. Дал ошол олимпиадачыларды сыйлоодон кийин эс-учун билбей жыгылыптыр. Аны жекшемби күнү гана элге кабарлады. Кичүү кызы Лола Каримова-Тиллаеванын айтуусу боюнча ишемби күнү атасынын мээсине кан куюлуп, инсульт дартына кабылган.
Өзбекстан өз тагдырын Ислам Каримов менен эки кылымдын эки доорунда – советтик доордо жана эгемендүүлүк доорунда бирге өткөрдү. Ал 1938-жылы Самарканд облусунда туулган. 1991-жылдан бери өлкө президенти.
Адегенде президенттик шайлоодо жаштардын өкүлү болгон акын Мухаммед Салых менен кыл чайнашкан кармашта жеңип чыккан, ташкенттик жаштар студенттик шаарчада ызы-чуу түшкөндө аларды катуу баскан. Салых ошондон бери чет өлкөдө айдакта.
Кийин-кийин Наманганга келип, сөз сүйлөйүн дегенде Жума Намангани баш болгон "сакалчандар" колундагы микрофонун жулуп алышып, катуу айбат көрсөткөндө аларды кыргын-сүргүн кылып, чет жакка оодарып ийген, алар башка жакта башпаанек кылып, Өзбекстан Ислам кыймылын уюштуруп кетишти.
Дагы бир жылы Анжиан шаарында түрмөчүлөр баш көтөрүп, бунт кылганда аларды кызыл кыргынга алды.
Ошентип, Ислам Каримов дүйнөгө эң авторитардык президент катары таанылганы менен өлкөсүндө стабилдүүлүктү сактап, экономикасын өсүшкө ээ кылып келүүдө. Эл жакыр болгону менен мамлекети бай, аскерий күчү кубаттуу.
Эгер бир нерсе болуп кетсе…
Ушул тапта "жаман айтпай, жакшы жок" дегендей, элбашы кандай-андай болуп кетет, Өзбекстан кандай күнгө калат деген суроолор ичтен да, тыштан да байма-бай айтыла баштады. А түгүл айрым басылмалар каримовдук бийликти өткөн чак менен жазып кирди…
Оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жаткан Өзбекстан президентинин ордуна өлкө Баш мыйзамы боюнча (96-берене) бийликти Олий Мажлистин жогорку палатасынын төрагасы колго алышы керек. Ал орунда азыр Нигматулла Юлдашев отурат. Бул кишинин колунда үч ай бийлик болот. Эгер президент андан ары да ишин уланта албай турган болсо, үч айдан соң жаңы президент шайланат.
"Кызыл тебетей" кимге тиет?
Өзбек маалымат каражаттары жана чайханалардагы имиш-имиштер элбашы өз ордуна сурхандарыялык Рустам Иноятовду коюп кетет экен деп жүрүштү. Чын эле Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы катары ал президентке жакын болду, а түгүл бийликке ана-мына келип калган, Өзбекстандын ханбийкеси Гүлнара Каримованын да таш-талканын чыгарып берди. Балким атасынын суранычы боюнчадыр…
Иноятовдун артында президенттик аппараттын акимчилик башчысы Зелимхан Хайдаров, президенттин коопсуздук кызматынын жетекчиси Муиджан Тохрий мырзалар турат. Булар бийликке келсе, күч органдарынын өкүлдөрү катары Каримовдун коррупционерлерин бир-бирден талкалап чыгышы мүмкүн. Анда жаңы репрессия башталышы ыктымал…
Аларга каршы тургандардын катарында учурдагы премьер Шавкат Мирзиёев жана анын орунбасары Рустам Азимов болушу ыктымал. Беш мүчөл жашына жакындап калган өкмөт башчысы — Жиззак кланынын түптүү өкүлү. Андан бир жаш күчүү Рустам мырза — ташкенттик. Экөө тең өзбек экономикасын өргө сүйрөгөн, инвестиция алып келген, жашы да бир топко барып калган мырзалар.
Эксперт Алишер Ильхамовдун айтуусу боюнча премьер-министр Шавкат Мирзиёев менен УКК башчысы Рустам Иноятов экөөнүн бийлик башына келүү мүмкүнчүлүгү жогору, экөөнү тең Москва колдоп берет. Ал эми Москва жана Владимир Путин үчүн Каримовдун орду өз кишилерине эң эле керектүү орундардан. Ошол эле кезде АКШны да, Түркияны да, Кытайды да кайдыгер калтырбайт. Демек, бийлик алмаштырууда кландар кармашынын башында сырткы мамлекеттер турушу жана абалды таразалашы да толук ыктымал.
Атасынын абалынан улам Гүлнара Каримова авансценага чыга келиши да мүмкүн, бул кызда акыл-айла да, байлык да, дымак да жетиштүү…
Кыргызстан эмне болот?
Союз кезинде жана андан кийин дале өзбек-кыргыз чек арасынан бир күндө миңдеген адамдар же бул жакка, же тигил жакка барып-келип иштечү, анан калса жазгы талаа жумуштары башталган учурда кыргыз фермерлери жерлерине өзбек мандикерлерин иштетчү. Кошуналар жакта тууган-уруктары, куда-сөөктөрү, көрүстөндөрү бар эле дегендей.
Өзбекстан менен Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгону чек арада эки элдин ынтымагына, мамилесине доо кетирген окуялар болуп келет.
Өзбек аскерлери айтпай-дебей туруп эле быйыл Ала-Бука районунан эки жерге курал-жарактары менен кирип келген. Анын биринде Үңкүр-Тоодо дагы эле турушат, ал жерде иштеген кыргызстандык төртөөнү ичкериге киргизип кетти.
Кыргыз-өзбек чек арасында мындай окуялар күн алыс болуп турчу адатка айланып калган…
Бир жылы биздин Ошко жакын Анжиан облусундагы "Ислам жихады" уюмунун "Маверанахр" бөлүмү Хан-Абад шаарындагы Улуттук коопсуздук кызматынын жана милиция бөлүмүнүн имараттарында жардыруу уюштурган, ФАНО (Фергана, Анжиан, Наманган, Ош облусунун негизинде мамлекет курмакчы болгондор) дегендер бар, алардын кыйла бөлүгү Каримовду күтүп, Ооганстанда, Пакистанда жатат. Алар президент Каримовдун репрессиялык режимине каршыбыз, күнөөсүз мусулмандарды өлтүрткөн бийлик башын жок кылабыз дешет. Мына ушулар козголушу мүмкүн, алар сөзсүз биздин Фергана өрөөнү аркылуу өтөт.
Чоң коркунуч – такталбаган аймактар
Экс-совет таануучу Збигнев Бжезинский Фергана өрөөнүн "жаңы Балкандар" болот деп айткан. Муну айтууга ал бул аймакта элдин өтө жыш жайгашканына, этникалык көп түрдүүлүк бар экендигине, исламдын күчтүүлүгүнө, адамдардын тагдыры кара жерди иштетүү менен гана байланып калганына, энергоресурстардын молдугуна, бир эле улуттардын үч мамлекетте калып калгандыгына негизденсе керек. Ушулар "идеалдуу штормго" же "чоң согушка" шыкак болот деген эле ал "көзү ачыктыгын" карматып.
Муну Ислам Каримовдун бийликтен кетиши тездетип ийбейби деген коркунуч да жок эмес… Андыктан кыргыз бийлиги, чек ара аймагындагы калк кыргыз-өзбек чек араларын дагы да бекемдөөсү зарыл…