Депутаттарга кызматтык батир бериш керекпи же жокпу?

Жазылуу
Учурда болуп жаткан кызуу талкууга карабай депутаттардын аз бөлүгү гана кызматтык батирде жашайт.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Өткөн жылдын күз айында өткөн парламенттик шайлоо алдында эл менен жолуккан депутаттыкка талапкерлер артыкчылыктардан баш тартарын жар салып, убада беришкен. Анын күүсү менен депутат болуп келгендер кызматтык унаа менен бир жардамчыдан баш тартууга үлгүрүштү.

Үйдүн ачкычын кармап турган адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кызматтык үйдү алуу сунушуна анда жашаган депутаттар кандай добуш беришти
Ошентип бир нече убакыттан бери парламентте депутаттык артыкчылыктан, анын ичинде кызматтык батирден баш тартуу боюнча мыйзам долбоору каралууда. Бирок үстүбүздөгү жылдын 15-июнунда парламент депутаттык артыкчылыктан, анын ичинде кызматтык батирлерден баш тартпоону чечкен. Sputnik Кыргызстан агенттиги мыйзам долбоордун таламын талашкандардын да, ага каршы чыккандардын да ой-пикирин угуп көрдү. 

Фракция комитетке аталган мыйзам долбоорун кайрадан добушка алып чыгуу боюнча өтүнүчүн билдирип, ал сунушту колдоп берген.

Шаршемби күнү мыйзам долбоор биринчи окууда кабыл алынды. Буга чейин депутаттар кызматтык унаа менен бир жардамчыдан баш тарткан.

Sputnik Кыргызстан агенттиги кызматтык батирлердин депутаттарга канчалык зарыл экенине кызыгып көрдү.

Маселенин масштабы

Учурда болуп жаткан кызуу талкууга карабай депутаттардын аз бөлүгү гана кызматтык батирде жашайт. 

"Учурдагы чакырылыштын 15 депутаты кызматтык батирде турат. Ал эми мурунку чакырылыштан бери жашап келе жаткан эки экс-депутат турак жайды бошотуп берүүнү убадалады", — деп билдирди ЖК маалымат кызматы.

Бирок батирлердин так санын айта албай, 40тын ар жак-бер жагында экенин божомолдошту.

Байга батирдин кереги не?

РАЖ фракциясынан депутат Руслан Казакбаев артыкчылыктардан баш тартуу зарылдыгын белгилеп, бирок бул сунуштун каршылаштары да бар экенин моюндайт.

"Бир парламентте кызыл чеке түшүп жатабыз. Айрымдар депутат болуп келген жаштардын батир алууга чама-чаркы чак экенин, региондордон келген депутаттар бар экенин жүйө келтиришет. Бирок депутаттардын 90-95 пайызы бизнесмен экени жашыруун эмес да", — деди эл өкүлү.

Казакбаев экономикалык оор абалда артыкчылык менен пайдалануу туура болобу деген маселе жаралып жатканын белгилейт.

"Турак жайы жок депутаттардын көйгөйүн башка жолдор менен чечүүгө болот. Мисалы, бизде мындай депутаттарга фракция жардам берет", — деди эл өкүлү.

Биз болгону квартирантпыз

Кызматтык батирде жашаган "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров бир жума мурунку добуш берүүдө каршы экенин айтып, пикирин өзгөрткөн эмес.

"Таратып берип, жок кылуу оңой. Батир менчик эмес, ал мамлекеттики да. Аны эч ким менчиктештирип алайын деген жок. Биз келишим боюнча жашап жатабыз. Менин депутаттык мөөнөтүм аяктагандан кийин үйдү бошотуп берүүгө даярмын", — дейт Бакиров.

"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын өкүлү кайтадан добуш берүүгө каршы, себеби ал регламентти бузгандыкка жатат. Эгер депутат анын ордуна добуш берип коюшканын айтып, арыз менен кайрылганда гана мындай процедура болушу мүмкүн.

Колуңан келбегенден кийин сөз бербе

Бишкеке көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин борборундагы үйлөрдү түрттүрүү — таңуулообу же заман талабыбы
V чакырылыштын депутаты Феликс Кулов парламенттик шайлоо алдында партиялар элдин алдына чыкканда депутаттарга берилген артыкчылыктардан баш тартабыз деп убада беришкенин эске салды.

"Парламентке келгенден кийин эле берген убаларынан таптакыр унутуп калышат. Бул туура эмес жана жат көрүнүш. Башында баш тартам деп айттыңбы, сөзүңдө турушуң керек", — дейт мурдагы эл өкүлү.

Ошол эле учурда Кулов эл өкүлдөрүнө артыкчылыктар керек экенин айтат.

"Анда Бишкекте үйү болгондорду гана шайлоо керек. Бирок аймактар менен болгон байланыш үзүлөт. Мисалы Тогуз-Тородо эмне болуп жатканы билинбей калат", — дейт Кулов.

Маселе кандай чечилери али белгисиз экенин депутат Руслан Казакбаев кошумчалап, парламентте бул боюнча талкуу дагы деле уланып жатканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0