Жаназа. Намаз. Коомчулукту экиге бөлүп чуу салган мыйзам долбоору

© Sputnik / Василий Батанов / Медиабанкка өтүүМечитте намазга келген мусулмандар. Архив
Мечитте намазга келген мусулмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жума күнү намаз үчүн түшкү тыныгууну узартуу демилгеси тармактык комитетте колдоо таппаганы коомчулуктун кызуу талкуусуна жем таштады. Белгилүү аалым жаназа сөзүн колдонуп, аларга сөөмөй кезесе, депутаттардын бири динди курал кылып ойнобогула, оюндан от чыгат деген пикирин айтууда.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Дүйшөмбүдө Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана ден соолук боюнча комитетинде Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча депутат Тазабек Икрамовдун демилгелеген мыйзам долбоору колдоого алынбай калгандыгы кыргыз коомчулугунда кызыл чеке талашты жаратууда.

Икрамов сунуштаган мыйзам долбоорунун негиздемесинде "Жума күнкү намазга түшкү тамак үчүн тыныгуу убактысын мыйзамдуу негизде бир саатка кечирээк улантып, узартууга мүмкүндүк берилиши керек. Бул жумушчу күндүн кыскарышына алып келбейт, себеби, эгерде демейде жумушчу күн саат 18-00дө аяктаса, жума күнү жумуш саат 19-00дө бүтөт",— деп жазылган. 

Мыйзам долбоор боюнча, түшкү дем алуу маалы — 12:30дан — 14:30га  чейин деп белгиленген. 

Мусулмандар айт намаз учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жума намазын окуу үчүн түштөнүү убактысын узартуу туурабы?
Андан сырткары кайсы кызматтарга тиешелүү болбой тургандыгы көрсөтүлгөн. 

"Бул мыйзам долбоору тез аракет кылуучу кызматтарга (Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Тез жардам, Жол кайгуул кызматы, армия ж.б., ошондой эле, жалпы билим берүүчү мектептер, университеттер) тиешелүү эмес жана аларда колдонулбайт. Себеби, Кыргызстандын жарандарынын коопсуздугу алардын оперативдүүлүгүнө байланышкан", — деп айтылат.

Чубак ажы Жалилов: сабырым түгөнгөн жок, пикирим ушундай

Мыйзам долбооруна каршымын деп Жанар Акаев, Аида Исмаилова, Гүлкан Молдобекова, Алмазбек Токторов, Альфия Самигуллина жана Евгения Строкова добуш берген. Ал эми бул сунушка демилгечи депутат Тазабек Икрамовдон сырткары комитет жетекчиси Садык Шер-Нияз, Рыскелди Момбеков макул болгон. 

Аалым Чубак ажы Жалилов - Sputnik Кыргызстан
Чубак ажы Жалилов: мен бата берген партиялардын көбү парламентте отурат
Аалым Чубак ажы Жалилов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына каршы чыккан депутаттарга "Бир дасторкондо олтурбастыгын, аларга кол берип салам бербестигин, алардын жаназасына турбастыгын жана анын жаназасына келип калса, аларды катыштырбоону мураскерлерине осуяттай тургандыгын" жазды.

Бул билдирүүдөн кийин кыргыз коомчулугунда, социалдык тармакта эки жаат болуп айтышкандар арбыды. Бир катарлары аталган мыйзам долбооруна макул болбогондорду сындап, Чубак ажы Жалиловдун пикирин колдошууда. Ал эми экинчи жээк Жанар Акаев баштаган депутаттар туура чечим кабыл алгандыгын, кыргыз коомунун радикалдашкан диний бир ууч топтордун жетегинде калуусуна жол бербөө керек деген пикирлерин айтууда. 

Чубак ажы Жалилов өзүнүн билдирүүсүн эмоцияга алдырбастан жазгандыгын Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып, ошол оюнан кайтпай тургандыгын билдирди.

"Ачууга алдырып, сабырымды, акылымды жоготкон жокмун. Абдан жакшынакай отурам. Демократиялык мамлекетте жашагандыктан, оюмду билдиргенге менин да укугум бар. Аларды мен камалсын, иштен кетсин деген жерим жок, болгону пикиримди айттым", — деди ал.

Демилгечи депутат Икрамов эртең документти парламентке алып чыгууга ниеттенди  

Ал эми мыйзам долбоорунун демилгечиси ЖКдагы "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов буга кыргыз коомундагы намаз окуган катмардын кайрылуусу себепкер болгондугун Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

"Бул биздин жарандардын жумуш берүүчү менен жумушчунун ортосундагы пикир келишпестиктен келип чыккан маселеси. Буга чейин мага канча деген мамлекеттик кызматтагы адамдар кайрылган. Алар өздөрүнүн жетекчиси менен жуманын акырында ар кыл конфликттерге барып, бир айдын ичинде төрт жолу сөгүш алып жаткандыгын айтышты. Ал тургай мунун себебинен жетекчилери аларды жумуштан кетирип, тааныш, туугандарын ишке алганга шарт түзүлүп жатат. Бул зарылдык", — деди Икрамов. 

Анткен менен ал өтпөй калган мыйзам долбоорун эртең ЖКнын жалпы жыйынынын кароосуна алып чыгууга аракет кылып жаткандыгын айтты. 

"Комитеттен мыйзам долбоору өткөн жок, бирок, аны эртең парламенттин жыйынында депутаттардын кароосуна кайрадан алып чыгам. Мен бул маселени депутаттык мөөнөтүмдүн аягына чейин көтөрөм", — деди ал.

"Жаназа. Барбайм деле, келбей эле койсун"

Нааразычылык багытталган депутаттардын бири Гүлкан Молдобекова Sputnik Кыргызстан агенттигине өз пикирин төмөнкүчө билдирди.

"Анын (Чубак Жалилов – ред.) минтип айтканын туура эмес көрүп жатам. "Колдогон депутаттарга рахмат, колдобогондорду жаназама тургузбайм" дептир. Ал кишинин өз эрки. Анын жаназасына мен барбайм деле. Менин жаназама деле келбей эле койсун", — деди депутат.

Молдобекова мыйзам долбооруна жөн жерден каршы болбогондугун төмөнкүчө түшүндүрдү. 

"Намазга барыш үчүн жумуштун убактысын бир саат узартканга аял киши катары каршы болдум. Бешинчи күнү иш жетиге чейин созулуп кетет экен. Бизге кайрылып, аялдар бала бакчадан баланы алышы керектигин, андан башка дагы бир катар маселелерди негиздеп айткандар болду", — деди депутат айым.

Депутат Жанар Акаев: дин менен ойнобош керек

Ал эми коомчулукта, социалдык тармакта дарегине сындаган да, кубаттаган да пикирлер айтылып жаткан депутат Жанар Акаев "Парламент" радиосунун эфиринде сүйлөп жатып, айрым радикалдык топтор аларды (депутаттарды — ред.) жаман көрсөтүүгө аракет кылып жатат деген пикирин билдирди.

"Көпчүлүк депутаттар колдогон жокпуз. Бизди жерден алып көргө тыгып жаткан пикирлер айтылууда. Мен намаз окууга каршы эмесмин. Эгерде намаз окудуң деп жетекчилик жактан куугунтук жегендер болсо, мен жардам берейин. Мындай демилгеге (мыйзам долбооруна — ред.) профсоюздар уюму макул эместигин билдирди. Анда бардык мамлекеттик органдардын иштөө режимин өзгөртүп чыгабызбы? Буга өкмөт, президенттин аппараты да каршы чыкты",— деди Акаев.

Нике кыйуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өспүрүмдөр менен никелешүү: балалыктан ажыраган кыздар же гаремге карай жол
Ал дин менен ойнобош керектигин жана оюндан от чыгарайын деген күчтөрдүн бул кылганы жакшы эместигин айтты.

"Кыскасы, мунун зарылдыгын байкаган жокмун. Аталган мыйзамы жок эле жарандардын өз ара түшүнүүсү менен чечилип келе жаткан маселе. Саясатчылар элге жагынабыз деп алардын башын айлантканды токтотушу керек. Дин менен ойнобош керек. Жума намаздан да саясат издеп, мыйзамды колдобой койду деп оюндан от чыгарууга ниеттенген күчтөр болсо, ал жакшы эмес", — дейт депутат Акаев.

Эл өкүлү социалдык тармактагы өзүнүн баракчасына Чубак Жалиловдун мындай кадамын экстремизм, такфиризм катары баалагандыгын жазды.

"Чубак Жалиловдун мыйзамды колдобогон депутаттарга жаназа окулбасын, андай болбосун, мындай болбосун деген радикалдуу пикирлери — бул ЭКСТРЕМИЗМ, ТАКФИРИЗМ!", — деди депутат Акаев.

Муфтият бул боюнча Аалымдар кеңешине кат жолдоду

Диний китеп жана четка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өспүрүм менен никелешүүгө тыюу салууга кайсы депутаттар каршы чыкты?
Бул билдирүү боюнча Кыргызстан мусулмандар Дин башкармалыгынын жетекчиси, КР муфтийи Максат ажы Токтомушев Аалымдар кеңешине кат жөнөтүлгөндүгүн айтты.

"Чубак ажы Жалилов аалымдар кеңешинин мүчөсү. Бүгүн бул билдирүү боюнча Абдышүкүр Нарматов жетекчилик кылган кеңешке кат жолдодук", — деди муфтий Токтомушев.

Ал ошондой эле Жалиловдун айткандарын муфтияттын эмес, анын жеке көз карашы катары кабылдоо керектигин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0