БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Кургак учук менен күрөшүүгө багытталган 300 миң долларлык "Циклосерин" дарысынын мөөнөтү өтүп кетип, жарабай калды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук кеңешинин төрагасы Айбар Султангазиев билдирди.
Циклосерин — башка дарыларга туруктуу келген кургак учуктун түрүн дарылоочу препарат болуп эсептелет.
Султангазиев бул маселе боюнча өкмөт менен Саламаттык сактоо министрлигине кат жөнөтүп бирок майнап чыкпаганын айтат.
"300 миң долларлык дарынын жараксыз болуп калышына ким жооп берери тууралуу кат жөнөткөнүбүздө "эч кимдин күнөөсү жок" деген формалдуу жооп келди", — дейт Султангазиев.
Анын айтымында маселени иликтөө үчүн комиссия түзүлүп, андан кийин гана бүтүм чыгарылышы керек эле.
"Улуттук фтизиатрия борбору дарыларды канча көлөмдө сатып алуу зарыл экенин алдын ала пландаштыруусу керек болчу. Көңүлкош мамиледен улам олчойгон суммадагы дарылар талаага кетти", — деп Султангазиев ачууланды.
Ал билдиргендей мындай алешемдик тууралуу маалымат Глобалдык фондунун үстүнөн караган башкы инспекцияга жетип калса, алар сөзсүз аны текшерүүгө алышат.
"Башкы инспекция окуяны тескөөгө алып күнөөлүү тарапты аныктап, акчаны кайтарып берүүгө милдеттендирет", — деп кошумчалады коомдук кеңештин төрагасы.
Ал эми Улуттук фтизиатриа борборунун директору Абдуллаат Кадыров күнөө ПРООНдо экенин билдирди.
Анын айтымында, дарыларды эки бөлүп алып келгенде мындай көрүнүш болмок эмес. Себеби ошол учурда башка уюмдардан дагы жардам катары берилген дарылар ПРООН алып келген дарылар менен бирдей учурга туш келип калган. Ошону менен артып калгандары 2016-жылдын январь айында мөөнөтү бүтүп жок кылынды.
Ал эми бекер корогон каражатты Глобалдык фонд кайтарып берүүнү талап кылабы же, гранттын кандай жумшалганы аларды кызыктырбайбы деген суроого Кадыров Кыргызстан эч кандай айыпка жыгылбай турганын айтты.
"Бул боюнча аябай көп талкуулар болду. 3-мартта Глобалдык фонддун аткаруучу менеджери Николя Канту менен жолугуштум. Ал "кеткен акчаны кайра бизге төлөп бергиле деп айтпайбыз. Болгону мындай окуялар экинчи кайталанбасын" деп эскертти", — деп Кадыров белгиледи.
Ал кошумчалагандай учурда кургак учукка каршы дарылардын таңкыстыгы өлкөдө байкалбайт. Оорунун бардык түрүнө дарылар жетиштүү.
Ушул көйгөй боюнча Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы ПРООНго кайрылганда бир канча убакыт бою компетенттүү адистерди таба алышкан жок. Бирок жакынкы аралыкта жоопту даярдап, кабарлашарын билдиришти.