ЖКга жаңылып келген министрдин орун басары, экстремизмге каршы күрөшүүнүн жаңы жолу

© Фото / пресс-служба УВД Жалал-Абад"Экстремизм деген эмне" кагазчасы. Архив
Экстремизм деген эмне кагазчасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экстремисттик жана террористтик идеяларды камтыган интернеттеги баракчаларга карата соттук чечимди 3-5 күндө чыгаруу каралып жатат.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Улуттук коопсуздук кызматы менен Транспорт жана коммуникациялар министрлиги парламентке "Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунушташты.

Берилген сунуштун өзгөчөлүктөрүн депутаттарга Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчисинин орун басары Рустам Мамасадыков менен Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Улан Уезбаев баяндап беришкен.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Муфтият имамдарды экстремизм менен күрөшүүнү үйрөтүүдө
Депутаттар тарабынан берилген бир нече суроолорго так жооптор алынбагандыктан, сунушту толук жана так иштеп чыгуу тапшырмасы берилип, экинчи окууда каралмай болду.

Талкуу учурунда аталган министрликтен келген баяндамачы Уезбаев аталган маселеге такыр тиешеси жок экени, ал маалымат эмес жол жана транспорт тармагын көзөмөлгө алган адис экени аныкталган.

Маселеге такыр тиешеси жок орун басардын баяндамачы катары келгенине түшүнбөгөн парламентарийлер Темир Сариевге нааразычылык кат жөнөтүшөрүн айтышты.

Sputnik Кыргызстан агенттиги маселенин чоо-жайын тереңинен билген Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Эрнис Мамыркановго кайрылды. Ал экстремисттик маанайдагы материалдар жайгашкан баракчалар менен күрөшүүнүн жаңы жолун айтып берди.

Интернет баракчалардын тагдырын 3-5 күндө чечүү

"Интернет булактарындагы экстремисттик, террористтик маанайдагы материалдар жайгашкан баракчалардын тагдырын үч, ашып кетсе беш күндө чечип салуу сунушун берип жатабыз. Себеби, акыркы учурда террористтер өз идеологиясы менен чакырыктарын интернет аркылуу оңой жүргүзүп калышты", — дейт Мамырканов. Анын айтуусунда, буга чейин бир нече маалымат агенттиктери экстремисттик маанайдагы маалыматтарды чыгарууга шектелип, алардын иши бир жылдан ашык сотто каралган. Мындай көрүнүштөр кайталанбашы үчүн соттук чечимди эртелетип 3-5 күндүн ичинде чыгаруу сунушу берилип жатат.

Интернет айдыңындагы сайттардын биринен экстремисттик маанайдагы материал аныкталган болсо, жалпы сайт эмес материал чыккан баракчага (рубрика) гана Кыргызстан аймагында чектөө киргизилет. 

Сунушталып жаткан мыйзам долбоордун дагы бир өзгөчөлүгү — сот жоопкердин, жеке адамдын же уюмдун катышуусуз эле ишти карап чечим чыгара алат (эгер жоопкер келбей койсо). Бул сот процессинин көпкө созулуусуна чек коет. 

Экстремисттик, террористтик маанайдагы материалдар кантип аныкталат?

Сириядагы автоматчан киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ош милициясы: Сирияга барып согушкер болгондордун орду түрмөдө
"Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө" мыйзамдын биринчи беренесинде экстремисттик маанайдагы материалдарды аныктоо боюнча тогуз критерий көрсөтүлгөн (расалык, улуттук же диний араздашууларды козутууга, ошондой эле күч колдонууга же күч колдонууну үгүттөө менен байланышкан социалдык араздашууларды козутууга ж.б.). Ошол критерийлерге таянуу менен кайсы бир интернет баракчасындагы материалга шек жаралса, соттук чечим чыкканча баракчага Кыргызстандын аймагында чектөө коюлат. Ал эми материалдын экстремисттик же экстремисттик эмес маанайда экенин КРдин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен Адилет министрлигине караштуу экспертиза борборунун адистери аныктайт (көз карандысыз эксперттер дагы тартылышы ыктымал). Алардын иликтөөсүнүн кийинки берген жыйынтыгына жараша сот өз чечимин чыгарат. Мунун бардыгы беш күн ичинде жыйынтыкталышы керек болот.

Соттун чечими чыкканга чейин күмөндүү баракчалардын ишин чектөө тууралуу сунуш мыйзамдын 13 беренесине жаңы бөлүм менен толукталды. 

Баракчаларга чектөө койгон мекемелер

Мечит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шаардагы мечит, медреселер текшерүүдөн өтүүдө
Интернет булактарындагы экстремисттик, террористтик маанайдагы чакырыктарды жасаган баракчаларды өлкө аймагында чектөө жергиликтүү провайдерлер тарабынан ишке ашат. Ал эми провайдерлердин ишмердүүлүгү Мамлекеттик байланыш агенттиги тарабынан көзөмөлгө алынат. Эгер сот баракчаны чектөө керек деген чечим чыгарса, провайдер ээлери аны аткарууга милдеттүү болушат. Себеби, алар лицензия алып жатканда КРдин мыйзамдарын жана чечимдерин аткарууга милдеттендирген документке кол коюшкан.

Каражат көйгөйү

Аталган мыйзамга өзгөртүү киргени менен ага каражат керектелет. Тагыраагы, экстремисттик маанайдагы материалдар камтылган баракчаларды Кыргызстан аймагында чектөө үчүн провайдерлерге атайын система иштеп чыгып, жабдууларды сатып алууга туура келет. Ал үчүн ар бир провайдерге 1 миллионго жакын сом керектелет. Бул каражатты провайдер ээлери өз чөнтөгүнөн чыгарууга даяр эмес. Буга ылайык, мамлекеттик бюджеттен каражат кароого туура келет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0