Кара далы бойдон калуу коркунучунда турган бишкектик кыздардын жети түрү

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүШиш така кийген кыз. Архив
Шиш така кийген кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биздин колумнист Асел Минбаеванын пикиринде айымдар үчүн уюштурулуп жаткан түрдү тренингдер – жарандардын акчасын тартып алуунун дагы бир маданияттуу жолу. Асел турмушка чыгууда анык кыйынчылыктарга туш болуучу бишкектик кыздардын тизмесин даярдады.

Ар бир адамдын жок эле дегенде ушундай бир таанышы бар. Баса, турмушка чыга албаган кыз дайыма эле мурду бучук, буту кыйшык же тиши арсак болбойт. Мен тааныш жигиттерден аларды кандай кыздар чочулатарын сурап кызыгып көрдүм. 

1. Жетекчи кыз. Келбетине дайым көңүл буруп, чачынан бутунун тырмагына чейин кычырап, ошол эле учурда иштин майын чыгарган адамдар болот. Менин ушундай бир таанышым бар эле. Качан көрсөң, азыр сахнага чыкчудай — оозу жалтылдата, кирпиги ийиле боёлгон. Машинасы күлгүн кызыл эмес, чыныгы "тулпар". Кыскасы, тигиниси-мунусу жок эле, өзү сатып алган. 

14 февраля — День святого Валентина, день всех влюбленных. - Sputnik Кыргызстан
Канчадасың, чырагым?! Апии-ий, 25тен кийин сени эч ким албайт го…
Ал бир акчалуу компанияда жакшы орунду ээлейт. Карамагында бештей киши бар. Жеке бактысына жеткен эмес, эми анын кереги деле жоктой. 

Бирок акылы ашып-ташып турган айым менен дайым эле жөн салды сүйлөшө албайсың. Бир да эркек Улуттук банктын акча-насыя саясатын түшүнүүдө катасын көрсөтүп, ал жасаган сөзүн быт-чытын чыгара сынга алган айымга ашык боло койбойт. 

Мейли, ал айымдын айтканы миң жолу туура болсун. Адатта сын-пикир лекция түрүндө болуп, тиги айым чокой чыгарган заводдо айлык берер күнкү башкы бухгалтердин сөзү менен чабуулга өтөт. 

Дагы бир жери: бул өткүр айымга иши кылып эркек сөрөйдүн кереги жок. Альфа-эркектен кем болбошу керек. Андан акылдуурагы болсо андан бетер жакшы. Бир жаман жери, андай эркектерге "төгөрөгү төп келген" сулуудан көрө жолдун ары жагындагы кафенин официанткасы деле жетет, сулуу-сымак, жашыраак болсо болду. Ошентип, жетекчи кыздын чыныгы сүйүүгө жетем деген мүмкүнчүлүгү нөлдөн бир аз төмөнүрөөк.

2. "Чайка" кыздар. Турмушка чыгыш үчүн чыныгы мындай канайымга эч нерсе кылуунун кереги жок. Муну ал бала кезинен эле билип алган. Сага буюрган эркек сени менен түбөлүк баш кошуш үчүн тоону томкоруп, ойду омкоруп, кыйынчылыктарды жеңип сага жеткиче, сен чачыңды сылай тарап, чымчыктар менен кошо ырдап, мүнөтүнө 9000 миңден ашык селфи жасап отура берсең эле болду. 

Мурда эл колунда бар-жогуна жараша жек-жаатка бөлүнүп, өзүң ак сөөктөрдөн болбосоң, малчыга күйөөгө чыгуу өөн эмес эле. Кептин баары ушунда. Ханзаданы тилеп кыялданышкан да эмес. Анан эле баары аралашып кетип, ханзадалар кол сунса жеткидей болуп калышпадыбы. 

Эне. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Памперс", буламык, баатыр энелер айылы: уят өлүмдөн катуу эмеспи?
Мындай кыздар өз талабын төмөндөтө турган түрү жок. Байлардын балдарын бешиктен бели чыга электе эле талап кеткени аны кейитип да койбойт. Баса, андайлар Инстаграмда отурбайт, алардын жүрөгүн эриниңди жалтырата боёгон жаңы боёк менен козгой албайсың. 

Бул типтеги кыздар картайганга чейин маршрутка күтүп аялдамада турат да, эбак эле бентли ойлоп табылса, эмдигиче Фольксваген айдап жүргөн байкуштарды ушундай бир жипкирип карайт дейсиң… 

3. Хатико-кыз. Анын бөтөнчөлүгү – эч качан таанышпайт. Апей, уят эмеспи! Ал жыл санап жалгыз сүйүүсүн күтөт. Бирок дал ошол сүйгөнү ага жакындап бара албайт. Кээ бир учурда мындай абал кыздын өзүнө жагышы да мүмкүн. 

4. Аңчы-кыз. Бул айымдар "Салам, менин атым Айжан, мен экөөбүздүн үйлөнүү тоюбуздагы бисквит торт болушун каалайм" дегендерден. Башкача айтканда, "капканга" түшкөндүн чегинерге жолу жок, ошон үчүн ал тиги ашыгы үйлөнүү үлпөт көйнөгүн сатчу интернет-дүкөнүндө өтө эле ашыкча асылып отурганын байкар замат, алды-артын карабай качып кетет. Аңчы кыз андан кашаңыраагын деле издебейт. 

5. Ак сөөктөрдөн чыккан кыз. Ага ашык болгон жигит ата-эненин сынагынан өтүшү керек. Болгондо да акылы, турак-жайы жана анча эски эмес унаасынын болушу аздык кылышы да мүмкүн. Сизди ата-тегиңиздин аты чыкпаганы үчүн күйөө балалыкка жаратпай коюшу толук ыктымал.

Мындай таанышууга караганда Гуглдун топ-менеджерлигине маектен өткөн оңой болот. 

Бишкектин тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт бекем үй-бүлө баалуулуктарын жандантат
6. "Боору оорукчан" кыз. "Ал менсиз талаада калбайбы!" — деп Тереза эне сыңары бышактап коюп эле, сүйгөнүнүн көзүнө чөп салганына, кылык-жосундарына, бир очоктон от тутантып бүлө куралы дебегенине чыдап жүрө берет. 

Кайсы бир убакта бул "мээрмандан" тажаган эркек башка бирөөнө ооп кете берет. Турмуш көрсөткөндөй, ал өлбөй-житпей эле күн көрүп кетет.

7. Пилорама-кыз. Күңкүлдөп эле кулак-мээни жей берген мындай кыздарды сиз деле билесиз да, туурабы? Болор-болбос нерсеге эле "бу-бу-бу" дегенден тажабайт. Аны Сейшел аралдарына алып барсаң да, "номерде керебет феншуй боюнча коюлбаптыр" же "устрица жакшы куурулбай калган окшойт" деп заматта мээңе чай кайнатып коёт. Кыскасы, жаның барбы, кач! 

P.S. Кыздар, көңүлүңөргө жакын албагыла. Мен оюмдун түпкүрү түшүнүктүү болсун деп атайылап апырта айтып жатам. Мына, эми азыр редакциянын пикири автордун көз карашына төп келбеши мүмкүн деп жазып коюшат. 

Автордун пикири редакциянын көз карашына төп келбеши мүмкүн

Жаңылыктар түрмөгү
0