00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Жаңылыктар
17:30
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Акенеев: жайга чейин күйүүчү май 6 сомго арзандашы мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековУнаага бензин куюп жаткан айдоочу. Архив
Унаага бензин куюп жаткан айдоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандагы мунайды кайра иштетүүчү заводдор ишке кирсе, бензиндин баасы 20 сом болот.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Жай айларына чейин күйүүчү майга болгон баа сөзсүз түрдө төмөндөйт, болжол менен алты сомго чейин арзандашы күтүлүүдө. Бул тууралуу экономика илимдеринин доктору, Нефтетрейдерлер ассоциациясынын мурдагы директору Жумакадыр Акенеев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди. 

"Эгер Кара-Балта менен Токмоктогу Кытайдын мунайды кайра иштетүүчү заводдору ишке кирсе, өлкөдө бензин 20 сомдон сатылып калат", — дейт эксперт.

Анын айтымында аталган заводдор ишке кирбей калган күндө дагы Россиядан келген күйүүчү май алты сомго чейин төмөндөйт. 

"Мындай төмөнкү баа бир же бир жарым жылга чейин созулушу ыктымал", — деди Акенеев. 

Ал эми нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Улан Кулов баалардын төмөндөөсү күтүлүп жатканын тастыктап, бирок так суммасы азырынча белгисиз экенин айтты.

"Февраль айында бензиндин баасы дагы арзандайт. Бирок, канча сомго төмөндөөрү азырынча белгисиз. Себеби, дүң сатуу баалары тууралуу маалымат бизге келе элек", — дейт Кулов. 

Күйүүчү май ташуучу автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Экономика министрлиги чек арадан мыйзамсыз ташылган күйүүчү майды каттайт
Ал Кыргызстанда күйүүчү майдын арзандашы өлкөдөгү бензин саткан компаниялардын арбындыгынан атаандаштык жаралып, өз таасирин тийгизип жатканын да кошумчалады. 

Эске салсак, өлкөдө жыл башынан бери күйүүчү май төрт жолу арзандады. Учурда Аи-80 — 31 сом, Аи-92 — 33,5 сом, Аи-95 — 38,5 сом, Аи-98 — 45 сом жана дизелдик май 33,5 сомду түзөт. 

Борбор Азияда күйүүчү майга болгон баанын төмөндүгү боюнча Кыргызстан үчүнчү орунда турат. Алдыңкы орунду Түркменистан менен Казакстан ээлейт. 

Ал эми тажикстандын жарандары кыргызстандыктарга караганда 20 сомго, өзбекстандыктар 25 сомго кымбатыраак сатып алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0