БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Рублдун төмөндөшүнөн ата мекендик тигүүчүлөр өз товарларын мурдагы көлөмдө сата албай калышты деп билдирет "Легпром" ассоциациясынын директору Фархад Төлөгөнов.
Кыргызстандын тигүүчүлөрү 2015-жылдын I чейрегинде товарларды өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 50,4 пайызга аз чыгарышты деп айтылат Улуттук статистикалык комитеттин отчетунда. Үстүдөгү жылы тигүүчүлүк өндүрүшүнөн 207 миллионго сомго товар чыккан. 2014-жылдын январынан тартып март айына чейин болсо бул сан жарым миллиард сомго жеткен болчу.
КРдин стратегиялык тармагы рублдун төмөндөшүнөн зыян тартты деп эсептейт жеңил өнөр жай ишканаларынын "Легпром" ассоциациясынын директору. Анын айтымында, бизде чыккан кийимдердин 90 пайызы Россияда сатылат. Валюталык рыноктогу кырдаалга жараша Кыргызстандын товарларын сатып алууга россиялыктардын мүмкүнчүлүгү кыскарды.
"Мурда кыргызстандык ишкерлер валютанын курсунан пайда табышчу. 100 сомго тигилген кийимди 100 рублга сатуудан анын 40-50 пайызына барабар киреше түшө турган. Азыр бааны көп көтөрө албайбыз. Себеби, россиялыктардын сатып алуучулук мүмкүнчүлүгү ага туура келбейт", — дейт Төлөгөнов.
Дагы бир маанилүү фактор — Кытайдан келген контрафакттын көптүгү. Made in kg бренди менен сатылып жаткан буюмдун үчтөн бири жасалма дейт ассоциациянын директору. Өлкө ЕАЭБга кириши жөнүндө келишим ратификациялангандан кийин мыйзамсыз товардын агымына карата бажы көзөмөлү күч алат деген үмүтүн билдирди ал.