Оторбаев: 9-майда Кыргызстан ЕАЭБнын толук укуктуу мүчөсү болуп кириши керек

Жазылуу
Министрлер кабинетинин башчысы Жоомарт Оторбаев Кыргызстандын ЕАЭБга кошулушу тууралуу суроолорго жооп берди. Анын пикири боюнча, 170 миллиондуу рынокко чыгуу менен баалар айрым бир деңгээлге көтөрүлө турганына карабастан, бизди көп жакшы нерселер күтүп турат.

БИШКЕК, 17-фев — Sputnik. Кыргызстандын премьер-министри Жоомарт Оторбаев өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдикке кириши тууралуу Sputnik кабарчысы менен маектешти.

— ЕАЭБга кошулуу үчүн зарыл документтердин даярдыгы кандай?

— Азыр биз эки протоколдун үстүндө иштеп жатабыз. Алар өткөөл мүнөздөгү жоболор жана маанилүү нерселерди тактоолор менен келишимди толуктайт. Өлкөнүн ЕАЭБга кошулушу боюнча бардык процедуралар убагында аяктап, Кыргызстан 9-майга карата биримдиктин толук укуктуу мүчөсү болот деген үмүттөбүз. 

— ЕАЭБга кошулуу карапайым кыргызстандыктардын турмушуна кандай таасир кылат?

— Мындай кадамды жасардан мурун, биз үч жыл бою ЕАЭБга кирүүдө мүмкүн боло турган коопчулуктарды эсептеп чыгуу максатында терең изилдөөлөрдү жүргүздүк. 

Терс көрүнүштөрдөн белгилүү бир деңгээлде инфляциялык кысым болушу мүмкүн, бирок анча чоң эмес. Оң жактары бир топ көп болот деп болжолууда. 170 миллиондуу рыноктун ачылышы биздин республиканын өндүрүүчүлөрү үчүн бизде өндүрүлүүчү продукцияларды чоң рынокко алынып чыгышы менен сертификациялоо мүмкүнчүлүгүн берет.

Айыл чарба өнүдүрүүчүлөрү үчүн мындай мүмкүнчүлүк абдан маанилүү. Инвестициялык климаттын да олуттуу жакшырышы күтүлүп жатат. Ошондуктан башкысы биз куруп жаткан экономика негизги экономикалык өнөктөш өлкөлөр үчүн ачылышы өзүнөн өзү боло турган кадам деп эсептейбиз.

— ЕАЭБга кирүү менен баалар кескин жогорулайт, анын ичинде энергия ресурстары да кымбаттап кетет деген сөздөр канчалык чындыка жатат?

— Биринчиден, биримдиктин алкагында жалпы энергетикалык рынок жок, жана аларга карата тарифтер — ар бир мамлекеттин жеке укугу. Бизде электр кубатынын өздүк наркы төмөндүгүнөн баасы да жогору эмес. Биримдикке кошулуу энергия бергичтердин баасына эч таасир кылбайт.

Мында дыйкан чарбачылар өз азык-түлүктөрүн башка өлкөлөргө алып чыгышынан баа көтөрүлүп кетиши мүмкүн деген кооптонуу бар. Бирок биз Казакстандын, Россиянын жана Кыргызстандын бааларын салыштырып көрсөк, бири-биринен анча деле айырмаланбайт. Анын үстүнө рублдун баасы түшкөндөн бери РФте биздин республикага караганда баары арзандады. Жана экспорттоодон баалардын көтөрүлүшү күтүлбөйт. Тескерисинче, Россиянын арзан товарлары бизге келе турганы жөнүндө айтып жатабыз. Биздин баамыбызда, баалар көп эселеп көтөрүлүп кетпейт, анча чоң эмес кымбаттоолор болор.

— Өнөр жай секторунда эмне болот? Ленин атындагы завод, Фрунзе атындагы завод сыяктуу мурдагы алдынкы өнөр жай ишканаларын кайра калыбына келтирүү аракеттери болобу?

— Биримдикке кирүүнү эң көп жактагандар болуп ишкерлер эсептелет. "Чек аралар жабылсын" деген бир да ишкер жок. Белгилүү себептер менен алар бул кадамды өз ишканаларын, анын ичинде өнөр жай ишканаларын да өнүктүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүк деп карашат. Инвесторлор келет, себеби алар бул жерде ошол эле товарларды бир топ арзан өндүрүп, жана зор рынокко чыга алышат да. Ошондуктан биримдикке кошулуу менен биздин өнөр жай бир топ жанданышы керек.

— Айыл чарбасы — Кыргызстанды өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу мааанидеги багыттарынын бири. ЕАЭБга кошулуу ага кандай таасир кылар экен?

— Биз биримдикке кошулуп жатканыбыздын эң олуттуу себептеринин бири болуп биздин дыйкан чарбачыларыбыздын каалоосу эсептелет. Азыр алардын алдында турган жалгыз маселе — өндүрүлгөн товарларын сатуу. Алар муну чече албай жатышат. Мунун бир себеби товарлардын сертификацияланбагандыгында. Азыр лабораторияларды алып келип, өнүдүрүмдөрдүн сапатын көзөмөлдөө пунктарын уюуштуруудан биздин дыйкан чарбачылары азык-түлүктү, өсүмдүк жана мал чарба өндүрүмдөрүн тышкы рынокторго бажылык текшерүүсүз чыгарууга мүмкүндүк алат.

Албетте ветеринардык жана фитосанитардык ченемдерди сактоого баарын үйрөтүшүбүз керек, ошондо биздин продукцияны ЕАЭБдын стандарттары боюнча экспорттоого мүмкүн болот. Басымдуу бөлүгү айыл жеринде жашаган биздин калк үчүн мындай кадам өтө маанилүү жана дыйкандарга көп пайда алып келет.

— Адистештирилген лабораторияларды жана сертификациялоо борборлорун кайра жабдып, түзүү качан башталат?

— Биз Россиядан абдан чоң каржылык колдоо алып жатабыз. 200 миллион долларды түзгөн бул каражат тышкы чек ара тозоттору менен сертификациялоочу лабораторияларды жабдууга жумшалат. Жакынкы арада биз жабдыктарды сатып алып келип, орнотуп, персоналды алар менен иштөөгө үйрөтөбүз. Андан соң көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын талдап баалоого өнөктөштөрдү чакырабыз. 

Бардык тараптар түзүлүп жаткан инфраструктурага канааттангандан кийин чек аралар ачылат, бирок мунун баары 9-майга чейин бүтүшү керек.

— Чакан жана орто ишкердикке кандай колдоо көрсөтүлүп, ички керектөөчү, ошондой эле кайра экспорттоо тармагы кандайча корголот?

— Жалпысынан бардык ишкердик тармагы алдыга жана рыноктун кеңейе тургандыгына карап жатат. Бизде биримдикке кошулуудан көп оң нерселерге жете ала турган атаандаштык жөндөмүнө ээ чакан жана орто ишканалар көп. Кайра экспортто мүмкүн болот, бирок ал ЕАЭБнын катуу эрежелерине ылайык жүрөт. Үчүнчү өлкөлөрдөн товарларды импорттоого бажы салымдары чегерилип, товарлардын сапаты көзөмөлгө алынат. Биз бул биримдиктин ажырагыс бөлүгү болуп жатабыз жана анын эреже-талаптарын аткарышыбыз керек.

— Экономикалык өнөктөштүк жана өнүгүү боюнча конкреттүү долбоорлор барбы?

— Кыргызстанга кызыккан болочок инветсорлор улам көбөйүүдө, себеби сатуу рыногу кеңейип жатат. Ошондуктан бизде инвесторлор болот.

Газ тармагы боюнча бизде абдан амбициялуу инвестициялык программа бар. Ал "Газпром" ишке ашырып жаткан КРдин газ өткөрүү жана бөлүштүрүү системасына тиешелүү. Жакында аталган ишкананын башкы директору Миллер мырза бизге олуттуу иштер менен келип кетти. Инвестициялык программанын параметрлери айтылды, ага ылайык жакынкы үч жылда "Газпромдун" инвестицияларынын көлөмү 45 миллиард сомго жакын болот. Өлкөнү газдаштыруу азыр 22 пайызды түзсө, 15 жыл ичинде ал 60 пайызга жетет.

Учурда бар түйүндөрдү олуттуу жаңылаштыруу талап кылынат. Жаңы газ өткөрүүчү магистралдарды куруу, чалгындоо, генерациялоону жана бөлүштүрүүнү инвестициялоо зарылчылыгы турат. Ошондой эле көп сандагы үй чарбалары экологиялык таза жылуулук булагы катары газ менен камсыз кылынат. Газ толтуруучу станциялар жана башка долбоорлор менен байланышкан бул багыттагы долбоорлорду "Газпром" ишке ашырмакчы. Өз көлөмү жагынан бул өтө олуттуу энергетикалык долбоор болуп эсептет.

— ЕАЭБга кошулуу туристтик мүмкүнчүлүктөрдү жана инфраструктураны өнүктүрүүгө кандайча жардам берет?

— Албетте биз абдан чоң рынокко кошулуп жатабыз жана туристтик мүмкүнчүлүктөр жагынан мурдагыдан да ачык өлкөгө айланабыз. 2014-жылы республикага 4 миллиондон ашык турист, негизинен КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген. Кардарлардын агымы турфирмаларга инфраструктураны оңдоого каражат сарптап, көбүрөөк туристтерди алып келүүгө мүмкүндүк берет деп ойлойм. Биз туристтик мүмкүнчүлүк шексиз өсөт деп күтүп жатабыз.

— ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда өз ара эсептешүүлөр кайсы акча менен жүргүзүлөт? Мындан ары бирдиктүү акча бирдигин түзүү каралганбы?

— Азыр өз ара эсептешүү боюнча биримдикке мүчө мамлекеттердин борбордук банктары катуу иштерди жүргүзүп жатат. Эсептешүү улуттук валюталардын кайчы курстары боюнча ишке ашырылып, күн сайын ал оңдоп-түзөтүлүп жана бекитилип турат. Биздин билишибизче, ЕАЭБнын аймагында бирдиктүү валютаны киризүү пландалган жок.

— ЕАЭБ субъекттеринин ортоснуда сот маселелерин чечүүнүн жол-жоболору, мисалы, бирдиктүү сот органын түзүү каралганбы?

— Сот маселеси бар, ал биринчи кезекте чечиле тургандардан эмес жана терең иликтелиши керек, себеби анын жол-жоболору азырынча иштелип чыга элек.

— Россия менен Казакстан грант түрүндө берген каражаттар бөлүштүрүлгөнбү?

— Биз жабуулар менен материалдарды сатып алууга, алар менен иштөөнү үйрөтүүгө кете турган чыгымдарды эсептеп түздүк. Россия жана Казакстан тараптан жол-жоболору иштелип чыккан, жакынкы арада биз жабдууларды ала баштайбыз. Бизде макулдашылган спецификациялар бар, ошол документтер боюнча жабдуулар алынып бизге жеткирилет.

— ЕАЭБга кошулгандан кийин эмгек мигранттардын турмушу кандайча өзгөрөт? "Кара тизме" кыскарабы?

— Биздин мигранттардын турмушу түп-тамырынан өзгөрөт. ЕАЭБнын төрт өлкөсүндө биздин жарандардын эмгек укуктары ошол мамлекеттердин жарандарынын укуктары менен тең болот. Башкача айтканда, ишке уруксат алуу, патент сатып алуу ж.б. талап кылынбайт.

Сапаттуу өзгөрүүлөр болот, жана биздин жарандар өнөктөш өлкөлөрдө өзүлөрүн татыктуу сезишет. Биз "кара тизмеге" либералдуу мамиле кылуу жөнүндө Федералдык миграциялык кызмат менен иш жүргүзүп жатабыз. Айрымдар ага миграциялык тартиптерди атайы бузугандык үчүн эмес, кокусунан эле түшүп калышкан. Ошондуктан андайлар үчүн бул тизмеге киргизүү эрежелери жакшыртылып, мыйзамды анык бузгандар гана анда болушу керек.

— Сиздин оюңузча, калктын, анын ичинде орус улутундагылардын кетиши көбөйөбү?

— Биз бул процесстин өрчүшүн талдап көрүп, андай болбойт деген ойдобуз. Азыр бардык улуттагылардын, анын ичинде орустардын кыймылы эркин, жана эч ким аларды кетпе дебейт. Тескерисинче, Россиянын аймагына алар ылайыкташып көнүп жашап кетиши боюнча атайын программалар түзүлүүдө.

Мындан тышкары, өз ара миграция боюнча Беларуссиянын, Россиянын жана Казакстандын чогуу иш алып баруу боюнча тажрыйбасы бар. Ал жакта турмуш деңгээлиндеги айырмачылктарга карабай, мисалы, Россиядан Белоруссияга баары кетип калган жери жок.

Бизде азыртан эле визасыз тартип бар, саякаттоо, эсепке туруу, ал тургай, иштөө мүмкүнчүлүктөрү берилген. ЕАЭБда иштөө шарттары жөнөкөй болушу биздин жарандар үчүн өтө маанилүү жана кайсы бир пайызы кетүүнү каалашы мүмкүн. Бирок бул коркунучтуу процесс болот деп ойлобойм. 

— ЕАЭБга кошулуу океандын ары жагында кайсы бир деңгээлде терс кабыл алышты. Бул КРдин тышкы саясат тармагына таасир кылабы? Мисалы, эркин соода аймагын түзүүнү сунуштаган Кытай менен мамилебиз кандай болот?

— Биз мындай кадамдан орто алыстыктагы келечекте өлкө олуттуу пайда таба тургандыгы жөнүндө айтып жатабыз, ошондуктан биримдикке кошулушубуз керек. Анын туруктуу же ийгиликтүү болушуна башка мамлекеттердин айрым бир ишенбестиктери бар. Аны көрө жатарбыз.

Аймактык экономикалар жөнүндө айтсак, Кытай КМШ менен, мисалы, КЭРдин төрагасы сунуш кылган Жибек жолу тилкеси боюнча өз ара аракеттешүүлөрүн уланта берет. 

Бажы төлөмдөрү жагынан анча чоң эмес оңдоолор соода агымдарын кыскартпайт, тескерисинче, абдан чоң рыноктун бөлүгү катары КРге болгон кызыгуу көбөйөт.

— ЕАЭБга кошулуу менен Кыргызстандын чек аралары биримдиктин тышкы чегине айланат. Ал жакта болсо тынч эмес, ал, тургай, айрым жерлерде чек ара деги эле демаркацияланган эмес. Биримдикке кошулуу биздин кошуналар менен болгон чек ара маселелрин чечүүгө кандай жардам берет?

— Бул элементтер бири-бири менен байланышкан эмес. Биринчи кезекте биз Тажикстан жана Өзбекстан менен чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин улантабыз. Бирок биз жасаган интеграциялык кадамга карата айтайын дегеним, биздин тышкы чек арабыз бекемдейт жана бир топ жогорку стандарттарга туура келет. Бул бизге да, бардык коңшуларга да пайдалуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0