Жыл башынан бери 1,5 миллиард сомдон ашуун жөлөк пул төлөндү

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек базарындагы араба түрткөн бала. Архив
Бишкек базарындагы араба түрткөн бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ай сайын берилүүчү жөлөк пулдун көлөмү 2425 сомго барабар. Учурда бул каражат республикалык бюджеттен 78 миң 400 муктаж адамдарга берилет.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Жыл башынан бери 1 миллиард 738 миллион сом жөлөк пул төлөнгөнүн Социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Сентябрда айлык акы үчүн бюджеттен 2,1 млрд. сом бөлүндү
Маалыматка ылайык, айына берилүүчү жөлөк пулдун көлөмү 2425 сомго жетти. Учурда бул каражатты мамлекеттен 78 миң 400 адам алат. 

Мындан тышкары, кошумча социалдык жөлөк пул үчүн 23 миллион сом каралып, ал 643 жаранга берилген. Анын ичинен 18 жашка чейинки балдар 432 болсо, 211 адам ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген майыптар.

Социалдык өнүктүрүү министрлиги даректүү жардам көрсөтүү боюнча жигердүү аракеттер көрүлүп жатканын белгилейт. Бүгүнкү күндө жалпы республика боюнча социалдык жардамдын маалымат системасы ишке кирүүдө. Бул жөлөк пул чегерүүдө механикалык каталарга жол бербөөгө, коррупцияны азайтууга өбөлгө болуп, иш кагаздары менен иштөөгө жеңилдик берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0