Чет элдиктердин Кыргызстанда ЖМК ачуусуна тыюу салууну Адилет министрлиги сунуштоодо

© Фото / European ParliamentАрхив: журналистика
Архив: журналистика - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медиа тармагындагы адистер коомдук талкууга коюлган мыйзам долбоору Кыргызстандын шарттарына туура келбейт дешүүдө.

БИШКЕК, 29-янв — Sputnik. Жалпыга маалымдоо каражаттарын ачууда чет элдик жарандардын же юридикалык жактардын катышуусуна тыюу салган мыйзам долбоорун Кыргызстандын Адилет министрлиги иштеп чыгып коомдук талкууга койду. 

Адилет министрлиги билдиргендей, тыюу салуу коммерциялык эмес уюмдарга тиешелүү. Анткени ЖМКларды ачууга көбүнчө чет элдик юридикалык жактар же жарандыгы аныкталбаган кишилер көп катышууда.

Тыюу салуу ошондой эле, уставдык капиталынын 50%дан ашыгы чет элдик юридикалык тарапка же жарандыгы аныкталбаган кишилерге таандык болгон коммерциялык уюмдарга да тиешелүү болот.

Жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча эксперт, "Медиа Полиси" институтунун директору Бегаим Усенова өкмөттүн мындай демилгесине таң калып жатканын биздин кабарчыга билдирди.

"Белгиленген жактардын ЖМКнын ишмердигине катышып жатканынан Адилет министрлиги кандай коркунучту көрүп жатат? Өлкөнүн маалыматтык коопсуздугуна "чет элдиктер" катышкан ЖМКнын ишмердигинин таасири жөнүндө анализдер жүргүзүлгөнбү? Кандай жыйынтыктар болду? Мындай тыюу салуу эмнеге негизделген? Мыйзамдын негизи тууралуу берилген справкада дагы жооп жок", — деп Усенова суроо салат.

Эксперт ошондой эле, бардык аргументтер кандайдыр бир статистика же иликтөөлөрдүн корутундусу менен бекемделген эместигин, өзгөчө интернет-басылмалар жөнүндө так түшүндүрмө бербегенин айтат. Мындай тыюу салуу интернет-дүкөндөрдө, блогдорго, социалдык тармактардагы аккуанттарга да тийиштүү болобу, түшүнүксүз. Мыйзам долбоорунда каттатууга тийиш болгон "тармактык басылма" деген жаңы түшүнүк колдонулууда. 

"Адилет министрлиги этияттык менен тармактык басылмаларды ЖМК катары каттатуу өз ыктыяры менен болот деп белгилеп жатат. Бирок кийинчерээк ал милдеттүү түрдө болуп калышы ыктымал. Блогерлердин, фрилансер-журналисттердин укугу кандай ишке ашары түшүнүксүз", — деди ал.

Ал ошондой эле, мыйзам долбоорун Кыргызстандын шарттарына ылайык кайтадан иштеп чыгууну сунуштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0