АКШда "Оскар" сыйлыгынын талапкерлери аныкталды

© AFP / MARK RALSTONКинопремия Оскар
Кинопремия Оскар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Мыкты чет элдик тасма” категориясына россиялык режиссёр Андрей Звягинцевдин "Левиафан" тасмасы да кирди.

БИШКЕК, 16 янв — Sputnik. "Бердмэн" жана "Гранд Будапешт" отели" тасмалары 2015-жылкы "Оскардын" тогуз наамы боюнча сыйлыкка коюлду. Лауреаттарга Кинематорграфия чеберчилигинин жана илиминин байгесин тапшыруу аземи 22-февралда Голливуддун "Кодак" кинотеатрында өтөт деп билдирет РИА Новости

Мыктылар жана аларды жаратуучулар

Лос-Анжелесте "Оскар" сыйлыгына 24 наам боюнча талапкерлер аталды. Алардын тогузу боюнча "Оскар" сыйлыгына режиссёр Алехандро Гонсалес Инъяритунун "Бердмэн" тасмасы жана Уэс Андерсондун "Отель "Гранд Будапешт" тасмасы көрсөтүлдү. Аталган эки тасма тең техникалык жана актёрлук наамдар менен катар эң жогорку “Жылдын мыкты тасмасы” наамын алууга да талапкерленүүдө.

Сегиз наамга көрсөтүүгө "Туурап кайталоо оюну" тасмасы татыктуу болду. Ал эми "Америкалык снайпер" жана "Өспүрүм кез" тасмалары алты категория боюнча аталды.

Бул иштерден тышкары жылдын мыкты тасмасы деп аталууга талапкерленген сегиз тасмага Клинт Иствуддун "Америкалык снайпери", "Стивен Хокингдин ааламы", "Сельма" тарыхый драмасы, ошондой эле өткөн жылдагы "Сандэнстин" башкы сыйлыгынын ээси "Кумар" тасмасы кирет.

Курманжан Датка тасмасынан бир кадр - Sputnik Кыргызстан
"Курманжан Датка" киносу Оскар сыйлыгынын кыска тизмесине кирбей калды
Мыкты режиссёр наамы үчүн таймашуучулар: мексикалык режиссёр Алехандро Гонсалес Инъяриту ("Бердмэн"), ал мурдатан "Вавилон" тасмасындагы режиссёрлук иши үчүн да "Оскарга" көрсөтүлгөн; ушул эле наам боюнча "Алтын глобустун" ээси Ричард Линклейтер ("Өспүрүм кез"); түрдүү категориялар боюнча мурдатан "Оскарга" үч жолу көрсөтүлгөн Уэс Андерсон ("Гранд Будапешт" отели"); режиссёрлук үчүн "Оскарга" экинчи жолу көрсөтүлүүчү Беннет Миллер ("Түлкүгө аңчылык "); ошондой эле норвегиялык Мортен Тильдум "Туурап кайталоо оюну").

Мүмкүнчүлүгү чоң болгонуна карабай, сыйлыкка талапкерлердин тизмесине "Сельма" тарыхый тасмасынын автору Ава ДюВерней кирген жок. Муну менен киноакадемиячылар аны "Оскарга" талапкерленүүчү кара түстүү биринчи аял режиссёр болуу мүмкүнчүлүгүнөн кол жуудурду.

Мыкты аткаруучулар

Жылдын башкы актёрдук сыйлыктарына талапкерлерди тандоодо америкалык киноакадемиячылардын көз караштары кино сүйүүчүлөрдүн пикирлерине туура келди.

"Оскар" сыйлыгынын эң мыкты актёр наамын алууга ат салыша тургандардын катарына Улуу Британиянын эки өкүлү: өткөн жумада "Алтын глобусту" алган Эдди Редмэйн (окумуштуу Стивен Хокингдин ролу үчүн) жана Бенедикт Камбербэтч ("Туурап кайталоо оюну" тасмасында математикачы Алн Тюрингдун ролу үчүн) бар. Ошондой эле бул тизмеге өзүнүн комедиялык иштери менен таанымал Майкл Китон ("Бердмэн"), Стив Каррел ("Түлкүгө аңчылык ") жана Брэдли Купер ("Америкалык снайпер") кирди.

"Мыкты актриса" наамы үчүн Жулиана Мур ("Дагы эле Элис"), Риз Уизерспун ("Жапайы"), Розамунд Пайк ("Жоголгон"), Фелисити Жонс ("Стивен Хокингдин ааламы") жана Марион Котияр ("Эки күн, бир түн") ат салышмакчы.

Кино сүйүүчүлөрүнүн божомолунда "Торт" тасмасындагы ролу үчүн аталган наамга талапкерленүүчү алдыңкы беш актрисанын катарына кирет делип жаткан Женифер Энистон да, эки жыл катары менен Голивуддун чет элдик басмасынын "Золотой глобус" сыйлыгын “Мыкты комедиялык актриса” деген наам боюнча алып келген Эми Адамс да бул тизмеде жок болуп чыкты.

"Экинчи пландагы мыкты актёр" наамына быйыл талапкерлене тургандар: Роберт Девал, Итан Хоук, Эдвард Нортон, Марк Руффало жана "Алтын глобустун" ээси Жей Кей Симонс. Ал эми "Экинчи пландагы мыкты актриса" наамы үчүн күрөшүүчүлөр деп Кира Найтли, Эмма Стоун, Мэрил Стрип, Патрисия Аркет жана Лора Дерн аталды.

Чет тилиндеги мыктылар

Бул категорияда россиялык Андрей Звягинцевдин "Левиафан" тасмасынын катышуусу башкы окуя болду. Павел Павликовскинин "Идасы", Эстониянын "Мандариндер" тасмасы, мавританиялык режиссёрдун "Тимбукту" жана аргентиналык "жапайы окуялар" тасмалары менен катар россиялык фильм “Чет тилдүү мыкты фильм” наамына көрсөтүлгөн.

Өткөн жекшембиде Андрей Звягинцевдин тасмасы башка сыйлыктарына кошумча Голивуддун чет элдик басмасынын "Золотой глобусун" алды. Акыркы жолу россиялык кино чеберлеринин ичинен "Оскарга" 2007-жылы Никита Михалков "12" тасмасы менен көрсөтүлгөн. Ал эми анын "Күндөн чарчагандар" тасмасы аталган наам боюнча Россияга 1994-жылы жеңиш алып келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0