00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Визиты, союзы и Совбез ООН: глава МИД КР об итогах внешней политики 2025 года
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
09:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
В 2025-м план перевыполнен — зампред РКФР о работе фонда за год
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Топуракты күзгү тоңдуруунун мааниси жана жазгы айдап себүүгө даярдык
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Башкы прокуратуранын юридикалык академиясында билим берүүнүн сапаты кандай?
13:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Караколдогу зоопарк реконструкцияга муктаж — зоопарк өзүн актайбы?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Мамбеталиев: азгырылган жарандарды Сирияга жөнөтүп туруучу төрт багыт табылды

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүЗарубежные страны: Сирия
Зарубежные страны: Сирия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМдин Онунчу башкармалыгы түштүк аймакта экстремисттик маанайдагы кылмыштардын алдын алуу жана аны токтотуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө.

БИШКЕК, 25-дек — Sputnik. Экстремизм, терроризмге каршы күрөшүү максатында биргелешип иш алып баруу боюнча ички иштер органдары, ИИМдин Онунчу башкармалыгы түштүк аймактарда эл менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин баштады.

ИИМдин Онунчу башкармалыгынын жетекчиси Рафик Мамбеталиев тартип коргоо органдары диний уюмдар, жергиликтүү калк менен жолугуп, экстремисттик уюмдарга азыгырылып кетпөөнүн жол-жоболорун түшүндүрүп жүрүшөт. 

"Азыр адамдардын согушка азыгыруунун жаңы түрү – интернеттеги социалдык тармактар болуп баратат. Сирияда туруп алып тааныштарын, классташтарын "Одноклассники" жана "Фейсбук" аркылуу азгырганга аракет кылган кыргызстандын жараны аныкталды", — деди Мамбеталиев.

Мындай фактыларды тартип коргоо органдары карап, тактап жатат. Андан сырткары чыр-чатактар жүрүп жаткан аймакка кишилерди төрт жол менен алып чыгып турушкан.

"Алгач кишилерди Россияга, Украинага, Грузияга алып чыгып, андан соң Түркияга андан ары Сирияга жөнөтүп турушкан. Мындай ыкма менен кеткендердин санын тактоо кыйын болуп жатат, себеби, алар эмгек мигранттары катар Россияга жана башка өлкөлөргө чыгып кетишкен. Алардын андан кийинки тагдыры, эмне болгондугун туугандары да билишпейт" — деп түшүндүрдү милициянын полковниги. 

Сирия көйгөйү боюнча түшүндүрүү иштери Нарындан башталды
Андан сырткары Ош шаарынан да чыгарып кеткен жол бар. Мамбеталиевдин айтымында, биздин республиканын жарандары делген 200дөн ашуун адам Сирияда жүрөт. 

Күч түзүмдөрү Кылмыш Кодексинин 375-беренеси "Жалданмачылык" (үч жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратуу каралган) боюнча айып тагылган адамдын ишин сотко өткөрүп берди. "Жалданмачыны жалдоо, үйрөтүү, каржылоо же материалдык жагынан камсыздоо аны куралдуу кагылышта же согуштук аракеттерде пайдаланууга тете. Бул боюнча төрт жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

ИИМдин Онунчу башкармалыгынын жетекчиси экстремизм, терроризмге каршы ИИМ менен Улуттук коопсуздук кызматы биргелешип иштегени майнаптуу болорун билдирди. Бул багытта эки түзүм биргелешип жыйын өткөргөн. 

Мамбеталиев аймактагы диний экстремизм жана терроризмдин, ага кошумча этникалык чыр-чатактардын алдын алууда тартип коргоо органдарынын, анын ичинде участкалык милиция кызматкерлеринин эл менен биргелешип иштөөсү жакшы натыйжа берерин билдирди.

ИИМдин Онунчу башкармалыгынын жетекчилиги менен алдын алуу иштери Баткен, Ош жана Жалал-Абад аймактарында жана Ош шаарында өткөрүлүүдө. 

Жаштардын чет өлкөлөрдөгү диний-экстремисттик уюмдарга берилип кетүүсүнө жол бербөө максатында мындай иш чараны УКМК да өткөрүп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0