05:56 09 Бештин айы 2016
Түз эфир
Ралли ретромобилей L.U.C. Chopard Classic Weekend Rally

Кыргызстанда кайрадан МАИ түзүү сунушталууда

© Sputnik / Илья Питалев
Жаңылыктар
Кыскача шилтеме алуу
56 0 0

Өкмөт жол-кайгуул кызматын Мамлекеттик автоинспекция кылып реформалоону сунуштоодо. Инспекция кызматкерлеринин милдеттүү түрдө юридикалык жогорку билими же профилдик жогорку техникалык билими болушу керек.

БИШКЕК, 10-дек — Sputnik. Жол күзөт кызматын (ЖКК) Мамлекеттик автоинспекция (МАИ) кылып кайра түзүү сунушталып жатат. Өкмөттүн бул сунушу тууралуу шейшемби күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине караштуу ЖККнын маселеси каралган отурумда сөз болду. 

Министрлер кабинети белгилегендей, инспекция кызматкерлеринин сөзсүз юридикалык жогорку билими же профилдик жогорку техникалык билими болушу керек.

"ЖКК кызматкерлери тийиштүү жогорку билимге ээ болушу керек. Укук коргоо органдарына ишке алууда милдеттүү түрдө ушундай талап коюу зарыл. Бул тутумда кокустан келген адамдар болбошу керек", — деди вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев.

 Жол-кайгуул кызматынын басма сөз кызматынын жетекчиси Тилек Оторовдун сөзүнө караганда, ведомствону реформалоо Кыргызстандын жакын арада Бажы биримдигине киришине байланыштуу. 

"МАИни түзүү — ББнын мындай түзүмдөрдү бирдей стандартка келтирүү боюнча койгон талабы", — деп белгиледи Оторов.

Инспектор МАИнин түзүлүшү менен кызматкерлердин жолду көзөмөлдөөнү камсыздоо боюнча көбүрөөк укуктары жана милдеттери пайда боло тургандыгын да белгиледи. Жол эрежелерин бузгандарды текшерүү жана аларга чара колдонуу жаатында инспекторлордун ыйгарым укуктары кеңейет. 

Мурда жол-кайгуул кызматы МАИ аталып келген. КР өкмөтүнүн токтому менен ЖККББ (Жол кыймылы коопсуздугунун башкы башкармалыгы) түзүлгөн. 2011-жылы кайгуул-күзөт кызматы менен бириккенден кийин бул ведомство ЖКК деп аталып калган. 

Тема боюнча

Маматалиев: Пара алып, акча талап кылгандарды милициядан айдаш керек
Укук коргоо органдарында жана билим берүүдө коррупциянын деңгээли өтө жогору
Белгилер:
Жол көзөмөл кызматы, Тилек Оторов, Абдырахман Маматалиев

ЭҢ МААНИЛҮҮ