Депутаттар Ысык-Көл облусундагы жабыркаган айылдарды кыдырып жүрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековАрхив: Жол четиндеги жалгыз там
Архив: Жол четиндеги жалгыз там - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖКнын үч депутаты жер титирөөдөн жабыркаган Тоң аймагын кыдырып бүттү, эмки кезек Жети-Өгүз райондорунун айылдарында.

БИШКЕК, 28-ноя — Sputnik. Вице-спикер Төрөбай Зулпукаров баштаган депутаттар жер титирөөдөн жабыркаган Тоң, Жети-Өгүз райондорун кыдырып жүрөт. Бул туурасында ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

ЖКнын үч депутаты Ысык-Көл облусунун Тоң, Жети-Өгүз райондорунда болгон жер титирөөнүн кесепеттери менен таанышып жүрүшөт. Эл өкүлдөрү менен кошо жергиликтүү бийлик менен КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү да бар.

Алгач депутаттар Тоң районунун борбору Бөкөнбаев айылындагы Ж.Алтымышев атындагы мектептин имаратынан кабар алышты. 600 окуучуга ылайыкташкан мектептен, спорт залынын бурч-бурчтарынан жарака кеткен. 

Андан соң Жогорку Кеңеш депутаттары жер титирөөдөн улам жашоого мүмкүн эмес деп табылган үйлөрдү кыдырышты. Жергиликтүү тургундар ссуда алууда үйлөрүнүн документтерин топтоодогу кыйынчылыктарды эл өкүлдөрүнө айтышты. Депутаттар үйлөрдү документтештирүүдө бул аймактарга жеңилдик берүүгө тиешелүү аткаруу бийликтерине тапшырма берилээрин белгилешти. 

"3-даражадагы үйлөргө каралган 10 миң сомду алуу үчүн документ топтоого ошол 10 миң сомдон ашыкча каражат кетчүдөй. Андан сырткары, каралган бул каражат үйдүн пайдубалын түптөөгө да жетпейт",— деди Бөкөнбаев айылынын тургуну. 

Кажы-Сай айылынан туш-тушунан жарака кеткен Пушкин атындагы мектептин, айылдык клубдун жана жер титирөөдөн улам чатыры жарабай калган "Хадича" реабилитациялык борборунун абалы менен таанышты. Анда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары менен жетим балдарды асыроочу борбордун электр кубатына болгон карызы да өсүп кеткендиги жана кышка камы жоктугу белгилүү болду. Эл өкүлдөрү аталган көйгөйлөрдү чечүүнү өз моюндарына алууга убада кылышты. 

Жогорку Кеңеш депутаттарынын сапары эми Жети-Өгүз райондагы жабыркаган үйлөрдөн уланмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0