12:37 19 Үчтүн айы 2017
Түз эфир
Мигранттар. Архивдик сүрөт

Депутаттар Москвадагы мигранттарды полицияга салып берген деп элчиликти айыптоодо

© Sputnik / Андрей Стенин
Миграция
Кыскача шилтеме алуу
227322

"Бир Бол" фракциясынын депутаты Улукбек Ормонов элчи келген эл менен жолугуп койбостон, полиция кармап кеткенде үн катпагандыгына нааразычылыгын айтты.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Москвадагы мигранттарды полицияга салып берген элчиликтин аракети боюнча тиешелүү чечим кабыл алуу керек. Бул тууралуу "Бир Бол" фракциясынын депутаты Улукбек Ормонов ЖКда ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди. 

Эске сала кетсек, буга чейин Москвадагы мигранттар элчиликтин алдына келгенде алардын төртөөсүн полиция кармап кеткен. 

"Мигранттар элчиликтен жардам сурап алдына барса, элчи жолугуп койгондун ордуна полицияга салып берген. Бул кадамы боюнча бир чечим кабыл алышыбыз керек", — деди депутат. 

Ал мигранттар жыргаганынан Москвага барбаганын айтып, алардын көйгөйлөрү көп экенин кошумчалады. 

Белгилей кетсек, буга чейин элчилик мигранттарды полицияга кармап бербегендигин расмий билдирген.

Тема боюнча

ИИМдин Москвадагы өкүлү: элчилик кыргыздарды полицияга салып берген жок
Москвадагы Кыргызстандын элчилиги ОМОНду чакырган эмес
Белгилер:
элчи, Мигрант, Москва

ЭҢ МААНИЛҮҮ