БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Россиянын Приморье аймагынын 38 жаштагы тургуну эки айда үйүнө 893 чет элдик жаранды акча алып үйүнө каттатканын аймактын прокуратурасы билдирди.
Маалыматка ылайык, эми 38 жаштагы аял Россиянын Кылмыш жаза кодексинин 322.3 беренесине ылайык (чет элдик жарандарды жасалма каттоого алуу) жоопко тартылат. Ал Кытайдын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Азербайжандын, Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн жарандарын өз үйүнө каттатып келген.
Кылмыш иши Россиянын федералдык коопсуздук кызматы тарабынан аныкталган. Учурда иш сотко жөнөтүлдү.
Андан сырткары, мыйзамсыз каттоого турган бир нече чет элдик жарандарга карата миграция мыйзамын бузганы үчүн айып салынганы прокуратура тараткан маалыматта айтылат.