БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Москвада мушташты делген кыргызстандыктар боюнча маалыматты КРдин Россиядагы элчилиги тактап жатат.
Белгилей кетсек, социалдык тармактарда кыргызстандыктар топ-топко бөлүнүп алып мушташып жатат деген видео тараган.
"Окуянын кайсы жерде, кайсы жарандар арасында болгондугу такталууда", — деп айтылат элчилик тараткан маалыматта.
Видеого көчөнүн ортосунда жыйырма чакты бала мушташып жатканы тартылган. Ошондой эле аларды аял киши ажыратып жүргөнүн көрүүгө болот.