РФте мигранттар айдоочулук күбөлүктөргө байланыштуу ыңгайсыздыкка кабылууда

Жазылуу
Россияда жеке менчик фирмаларда айдоочу болуп иштеген мигранттар күбөлүк алып же алмаштыруу боюнча процедураларды аягына чыгарып алуу үчүн жумуштан дайыма эле уруксат ала алышпайт. Мигранттар үчүн Бишкекке келип кайра ишине кайтып баруу бир топ убаракерчиликтерди жаратып жатканын Россияда иштеп жаткан кыргызстандык айдоочулар билдиришти.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Москвада айдоочу болуп иштеген Бакыт Турдиев РФтин Мамлекеттик жол коопсуздук башкармалыгы улуттук күбөлүктөрдө жарактуу мөөнөтү жөнүндө жазуу жоктугу үчүн айып сала турганын Sputnik кабарчысына билдирди. 

Айдоочулук күбөлүгү.Архив - Sputnik Кыргызстан
Бекешев Россияда айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу көйгөй жаратып атканын айтты
Анын айтымында, ага эки жолу айып салышкан, Кыргызстандан барган башка айдоочулар да айыпты көп төлөшөт экен.

Эгер эмгек мигранттары кайрылса, алардын Кыргызстандан алган айдоочулук күбөлүктөрүнө жарактуулугу боюнча мөөнөтүн коюп беребиз деп жооп берди Турдиевдин билдирүүсүнө Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы унаа каражаттарын жана айдоочуларды каттоо департаментинин директору Жоошбек Коёналиев.

Коёналиев түшүндүргөндөй, жол кыймылы жөнүндө Вена конвенциясына ылайык, ар бир өлкөнүн өкмөтү айдоочулук күбөлүктөрү жарактуу мөөнөтүн өзү белгилейт.

Адистин айтымында, айдоочунун күбөлүгүнө жарактуулук мөөнөтүн койсо болот, бирок 1999-жылдын 4-августундагы № 420 токтомунда бул жөнүндө айтылган эмес. Токтомго өзгөртүү киргизүү сунушталып, Коргоо кеңешинин чечими менен мыйзамдагы кемчиликти четтетүү каралган болчу. МККда айдоочунун күбөлүгүнө жарактуулук мөөнөтүн көрсөтүү жөнүндө токтомго өзгөртүүлөрдү август айында киргизүүнү пландап жатышат. 

"Негизи, мигранттар Кыргызстанга келип айдоочулук күбөлүктөрүнө 10 жылга жарактуу деген белги койдуруп кете алышат. Эгер чет мамлекетте иштөөгө эл аралык үлгүдөгү күбөлүк керек болсо, жарандар улуттук үлгүдөгү күбөлүктү да дайыма жанында ала жүрүшү керектигин эстен чыгарбоо зарыл", — деп түшүндүрдү департаменттин директору. 

Ошону менен катар Турдиев жеке менчик фирмаларда айдоочу болуп иштеген мигранттарды күбөлүк алып же алмаштыруу боюнча процедураларды аягына чыгарып алуу үчүн жумуштан дайыма эле уруксат беришпей турганын билдирди. Мигранттар үчүн Бишкекке келип кайра ишине кайтып баруу бир топ эле машакаттуу болуп жатат деп кошумчалайт ал.

Анын сөзүн "Мострансавто" мамлекеттик автоунаа ишканасынын филиалында айдоочу болуп иштөөчү Бактыбек Исаев ырастады.

"Россияда мамлекеттик түзүмдөрдө иштөөчү кыргызстандыктарга жетекчилик түшүнүү менен мамиле кылат, бирок жеке менчик фирмаларда ар ким өз маселесин өзү чечиши керек", — деди Исаев. 

Айдоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте айдоочу күбөлүгүн алуу үчүн эми экзаменди интернет менен тапшырса болот
Коёналиев айдоочунун күбөлүгүн жеринде берүү же алмаштыруу үчүн барууга Каттоо кызматынын азырынча мүмкүнчүлүгү жоктугун, бирок мунун үстүндө иштеп жатышканын билдирди. Азыр аталган процедурадан Кыргызстандын аймагында күбөлүккө ээлик кылуучу жеке өзү өтөт.

Күбөлүктү алмаштыруу же эл аралык үлгүсүн алуу боюнча бардык процедура, Коёналиевдин айтымында, бир сааттан кем убакытты алат. Бул үчүн жарандын бардык документтери даяр болушу керек. 

2015-жылдын июнунда РФтин Федералдык мыйзамына оңдоолор күчүнө кирип, аларга ылайык, Россиянын аймагында айдоочу болуп иштеген чет элдик жарандар аталган өлкөнүн айдоочулук күбөлүгүн же эл аралык үлгүдөгү күбөлүк алууга милдеттүү болот.


Жаңылыктар түрмөгү
0