Памир кыргыздары тууралуу фотокөргөзмө Стамбулда ачылды

© Sputnik / Арас Ахундов / Медиабанкка өтүүМечеть Султана Ахмета в Стамбуле
Мечеть Султана Ахмета в Стамбуле - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фотокөргөзмөнүн автору этникалык кыргыздар жашаган башка аймактарды да кыдырып, альбом чыгарууну максат кылып жатканын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Түркиялык белгилүү фотограф Насух Махруктун Памирде жашаган этникалык кыргыздарга арналган фотокөргөзмө Стамбулда ачылганын КР Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалымат кызматы билдирди.

Аталган көргөзмө 2015-жылдын 25-мартында ачылганын министрликтен маалымдашты.

"Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулдугу Махрук башында турган түрк сүрөтчүлөрү менен биргеликте этникалык кыргыздар жашаган башка аймактарга да барууну пландап жатат. Кыргыздардын жашоо мүнөзүн чагылдырган альбом чыгаруу пландалууда", — деп айтылат ТИМ тараткан билдирүүдө.

Түрк фотографтары Түркиянын Ван аймагына жана Кытайдагы Синьцзян уйгур автономдуу облусуна баруун да максат кылышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0