07:54 04 Бештин айы 2016
Түз эфир
Рейд московской народной дружины

Эмгек мигранттары өз мекендерине бекер телефон чала алышат

© Sputnik / Кирилл Каллиников
Миграция
Кыскача шилтеме алуу
3101

Мигранттардын эл аралык күнүнө карата Москвадагы китепкана тармактары Москва шаарынын округдары "Саламатсызбы, апа! Иштериңиз жакшыбы?" аттуу акция өткөрөт."

БИШКЕК, 16-дек — Sputnik. Эмгек мигранттары үйлөрүнө бекер телефон чала ала турганын  "Россия для всех" интернет-порталы маалымдады.

"Саламатсызбы, апа! Иштериңиз жакшыбы?" акциясы 18-декабрь мигранттардын эл аралык күнүндө өтөт. Мигранттар менен такай иштеген Москвадагы бардык китепканалар бул күнү Борбордук Азиядан Россияга иштегени келгендер үчүн бекер мобилдик байланыш кызматын сунуштайт.

Мигранттар мобилдик байланыш операторлорунун эсебинен туугандары жана жакындары менен бекер сүйлөшө алат. Москвадагы китепкана борборлорунун маалымат кызматынын жетекчиси Анна Ландердин айтымында, бардык мигранттардын жакындары менен такай кабарлашып турууга мүмкүнчүлүгү жок.

"Россияга иштегени келген мигранттар түрдүү себептерден улам жакындары менен дайыма байланышып тура албайт. Андыктан биз аларга кичине болсо да жардам берүүнү чечип, ушул акцияны уюштуруп атабыз. Бул күнү белгиленген ар бир китепканадан эмгек мигранттары жакындары менен каалашынча сүйлөшө алышат", — дейт ал.

Кайсыл китепканаларда акция өтүп жатканын каалгада чапталган атайын плакат аркылуу тапса болот. Андан сырткары, китепкананын каалагасына кыргызча, тажикче жана өзбекче да кулактандыруу илинет.

Бул акцияга Түштүк-Чыгыш административдик округундагы бир канча китепкана катышат. Алардын тизмеси: №166 китепкана "Диалог культур" (Нагорный бульвар, 3), №9 китепкана (Херсонская, көчөсү 1), №250 китепкана (Адмирал Ушаков бульвары, 11), №219 борбордук китепкана (Профсоюзная, көчөсү 115, корпус 1), №20 китепкана (Тарусская көчөсү, 14, корпус 2), №236 китепкана (Старобитцевская көчөсү, 23, корпус 2), "Наследие" китепканасы Симферопольск бульвары, 24, корпус 1.

Тема боюнча

Эркинбеков: Россияда кийинки жылдан тарта мигранттар боюнча жаңы мыйзамдар иштеп баштайт
Мигранттар Россияда ишке патент менен орношо алат
Белгилер:
Анна Ландер, Борбордук Азия, Россия, Москва

ЭҢ МААНИЛҮҮ