Анын айтымында, патентти алууда квота жана ишмердүүлүктүн түрлөрү боюнча чек коюлбайт.
"Патенттин баасы федералдык чен менен аныкталат, буга Россиянын ар бир субъектисинин өзүнчө коюлган чени кошулат. Ошондуктан, патенттердин баасында айырма болот. Мисалы, Москва облусу менен шаарында орто эсеп менен 4 миң рубль (4 миң сом) турат",— деди ФМК башчысы.
Патентке ай сайын же алдын ала бир жылга төлөсө да болот.
Эгерде жаран Россия аймагында иштөө үчүн келе жатса, чек арадан өткөндө тиешелүү кагаздарды толтурууда "жумуш" деп жазып, 30 күн аралыгында аталган органдын аймактык бөлүмүнө патент алуу үчүн арызын тапшырышы зарыл.
Эгерде миграциялык картада Россияга келгендеги башка максаты көрсөтүлсө, РФтин федералдык миграциялык кызматы патент бергенден баш тартат.
Теги: Константин Ромодановский, Өкмөт, ФМК, Миграция, Патент