14:30 07 Бештин айы 2016
Түз эфир
Инфографика

Кызга сеп: кашыктан шырдакка чейин

Кыскача шилтеме алуу
126781
Кыргызда кыздын себине эмне берет?

Кыргыздар — ата салтын бекем туткан эл. Ал эми кыз узатуу, уул үйлөө салттарына өзгөчө мамиле кылышат. Мисалы, чала камдалган сеп же аны өз каадасындай ачып көрсөтө албай калуу кыз менен анын төркүнү үчүн кадыр-баркын жоготууга барабар.

Сеп даярдоо — кыргызда бүгүнкү күнгө чейин өз маанисин жоготпогон олуттуу салттардан. Ата-эненин кызга болгон камкордугу мезгилге, замандын оош-кыйыштарына баш ийбейт эмеспи. Ооба, азыр айрым апалар өз колу менен шырдак оюп, аны шырып же ала кийиз басып-бышырбай калгандыр, бирок кызынын барган жеринде жакшы жашоосу, тиричилик оокат-буюмдардан кем болбошу үчүн ата-эне мурдагыдан жазбай кам көрүп келишет. Андыктан баба салтын сактап, турмушка узап жаткан кызга чыны-кашыгынан тартып, астына минчү унаасы менен үстүндөгү үйүнө чейин берип келет.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин жаңы инфографикасы болочок келиндерге жана алардын ата-энелерине септи туура камдап, туура бергенге (ооба, кызга деп жыйнаган байлык-оокаттарыңызды туура көрсөтө билген жакшы) жана кыргыздардын кыз берүү салты жөнүндө кененирээк билүүгө жардам болот.

Тема боюнча

Үйлөнүү тою быйыл Кыргызстанда канчага бааланууда
Белгилер:
туугандар, салт, калың, сеп, келин, үйлөнүү, Кыргызстан

  • Кыргызстандыктар кандай автоунаа сатып алат?
    Акыркы жаңылоо: 13:12 07.12.2016
    13:12 07.12.2016

    Кыргызстандыктар кандай автоунаа сатып алат?

    Кыргызстандыктар көбүнчө кандай түстөгү автоунааларга кызыгышат? Өлкөдө кандай автоунааларды көбүрөөк сатып алышат? Унааны сатуу үчүн канча убакыт кетет?

    50
  • 25-ноябрдан 2-декабрга чейинки баалар
    Акыркы жаңылоо: 16:52 02.12.2016
    16:52 02.12.2016

    Канчадан? 26-ноябрдан 2-декабрга чейинки баалар

    Ар жума сайын Бишкектин базарларындагы жана супермаркеттериндеги азык-түлүктүн баасы менен тааныштырабыз. Бул ирет Токмок шаарынын базарларына баам салып көрдүк.

    120
  • АИВ (ВИЧ) илдети КРде таралышынын абалы
    Акыркы жаңылоо: 14:26 01.12.2016
    14:26 01.12.2016

    Кыргызстанда ВИЧ кандайча жайылат

    Жыл сайын өлкөдө ВИЧке кабылган 500 адам аныкталат. Кыргызстандын кайсы аймагында бейтаптардын саны арбын экенин Sputnik инфографикасынан көрүңүз.

    197
  • 18-ноябрдан 25-ноябрга чейинки баалар
    Акыркы жаңылоо: 17:27 25.11.2016
    17:27 25.11.2016

    Канчадан? 18-ноябрдан 25-ноябрга чейинки баалар

    Ар жума сайын Бишкектин базарларындагы жана супермаркеттериндеги азык-түлүктүн баасы менен тааныштырабыз. Бул ирет Ош шаарынын базарларына баам салып көрдүк.

    117

ЭҢ МААНИЛҮҮ