Кочкордогу массалык мушташтан 17 жаштагы окуучу каза болду

© Sputnik / Табылды КадырбековСлучаи применения физической силы в КР
Случаи применения физической силы в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уруштан дагы бир бала жаракат алып, учурда ооруканада жатат.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кочкордогу массалык мушташтан бир окуучу каза болуп, бирөөсү ооруканага жаткарылды. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. 

Случаи поножовщины в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Кочкордо каза болгон окуучу бала бычакталган. Окуянын чоо-жайы
Маалыматка ылайык, 19-январь күнү кечки саат тогуздар чамасында Кочкор районуна караштуу Кочкор айылындагы Капар Кыдыралиев атындагы мектептин окуучуларынын арасында мушташ чыккан.

"Анын кесепетинен 17 жаштагы окуучу бала каза болуп, дагы бири аймактык ооруканага жаткырылды", — деп жазылат билдирүүдө. 

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов окуя болгон жерге келип, кырсыктын себептерин мыйзам чегинде аныктоо жана тыкыр териштирүү иштерин жүргүзүү боюнча укук коргоо органдарына тапшырма берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0