Кырсык болгон жерге Сооронбай Жээнбеков дагы келди

© Sputnik / Табылды КадырбековСотрудники МЧС на месте крушения самолета недалеко от аэропорта "Манас"
Сотрудники МЧС на месте крушения самолета недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учактын кулашынан улам каза болгондордун саны жыйырмадан ашып, 23 үй жабыркаганын ӨКМ билдирүүдө.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Учак кырсыктаган жерге премьер-министр Сооронбай Жээнбеков келгенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен "Гонконг-Стамбул каттамы менен келе жаткан "Түрк аба жолдору" авиакомпаниясына таандык "Боинг – 747" учагы "Манас" аэропортуна жакын Дача-Суу айылына кулап түшкөн.

Учурда андан 20дан ашуун киши каза таап, 23 үйдүн жабыркаганы айтылган. Жээнбековго чейин кырсык болгон жерге биринчи вице-премьер, ӨКМ жана транспорт министрлери келишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0