Ош — Бишкек жолунда куралчан адам май куюучу жайды тоноп кетти

© AFP / PHILIPPE HUGUENМай куйуучу жай. Архив
Май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда издөөгө алынган жаран кассадагы 12 миң сомду алып кеткен.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Ош — Бишкек жолунда май коюучу жайга кирген куралчан адам кассадагы 12 миң сом акчаны тоноп кетти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ош облустук ИИБдин маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди. 

Ага ылайык, 10-январга караган түнү Кара-Суу районунун аймагында, тагыраагы кан жолдун боюндагы май куюучу жайга куралчан адам кирген. 

"Курал менен кол салган адам күзөтчү менен кассирди коркутуп, 12 миң сом алып кеткен. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду. Күзөтчү менен кассир эч кандай жаракат алган эмес", — деди Ашырбаев. 

Учурда милиция кызматкерлеринен атайын топ түзүлүп, шектүү жаран изделип жатканы белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0