ИИМ: КР жарандарынын Сирияга кеткени боюнча 56 кылмыш иши козголгон

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүСитуация на сирийско-турецкой границе
Ситуация на сирийско-турецкой границе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн жылдын башынан тарта декабрга чейин диний экстремизмди жайылтуу багыты боюнча 400 ашык факты аныкталган.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Сирияда болуп жаткан согуштук чыр-чатактарга катышууга Кыргызстандан кеткендер боюнча 56 кылмыш иши козголгон. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев билдирди.

"Бул өткөн жылдын он бир айы боюнча маалыматтар. Мындан сырткары, диний экстремизмди жайылтуу боюнча 400дөн ашык факты аныкталып, анын ичинен 169су боюнча кылмыш иши козголгон", — деди ИИМ өкүлү. 

Диний-экстремисттик мазмунду камтыган 18 450дөн ашык нускадагы материалдар далил буюм катары алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0