Талас: жолдон чыккан автоунаа бакты сүзүп өрттөнүп, эки адам каза болду

© Sputnik / Табылды КадырбековДорожный указатель "Опасный поворот налево"
Дорожный указатель Опасный поворот налево - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр — Чаткал жолунун 2300 чакырымында катталган.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Талас облусунун Кызыл-Адыр айылында тайгаланып жол четине чыккан автоунаа өрттөнүп айдоочусу жана бир жүргүнчү каза болгон. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Окуя Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр-Чаткал жолунун 2300 чакырымында катталган. BMW үлгүсүндөгү автоунаа тайгаланып жолдон чыгып бакты сүзүп, өрттөнүп кеткен.

"Унаанын айдоочусу 24 жаштагы адам кырсык болгон жерден каза болгон. Ал эми ичиндеги үч жүргүнчү ооруканага жеткирилген", — деп жазылат маалыматта.

Маалыматтар боюнча ооруканага жеткирилгендердин бири 24 жаштагы тургун ошол жактан көз жумган.

Жаңылыктар түрмөгү
0