БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунда жол тыгын жаралды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Ага ылайык, аталган унаа жолдун 134-143-чакырымдарында 25ке чукул жүк ташуучу унаа өтө албай калган. Себеби айрым унаалардын дөңгөлөктөрү жайкы болуп, чынжырлары болгон эмес.
Жагдайга байланыштуу ӨКМ айдоочуларды жолго бардык камылга менен чыгууга чакырат.