БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Бишкектеги БУУ имаратына катарлаш турган мурдагы "Айпери" тиричилик үйүнүн ичинде өрт чыкканын ӨКМ кабарлады.
Маалыматка ылайык, кырсык тууралуу билдирүү саат 14.30да түшкөн. Учурда өрт өчүрүүчү төрт унаа иштеп жатат. ӨКМ үч кабаттуу имараттын экинчи кабатында жайгашкан бөлмөдөн өрт чыкканын билдирди.
Аталган имарат БУУ үйүнө катарлаш турат.