БИШКЕК, 13 дек — Sputnik. Алдамчылыкка шектелген адам милиция кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
"Буга чейин 31 жаштагы шаар тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал 20-октябрда болжол менен саат 23:00дө Чүй жана Шабдан баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде унаасын сатайын деп жаткан. Жаш жигит Lexus GX470 үлгүсүндөгү унааны 968 800 сомго сатып алам деген. Ошентип автоунаага кирип текшеримиш болуп, андан ары айдап белгисиз тарапка качып кеткен", — деп айтылат маалыматта.
Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери кылмышка шектелген 28 жаштагы Н. У аттуу жаранды кармашты.
Кылмышка шектүү адам тергөө бөлүмүнө өткөрүп берилди.