Ак-Талаа: мал издеген балдардын бири тоңуп өлүп, экинчиси дайынсыз

© Sputnik / Антон Подгайко / Медиабанкка өтүүТоодогу жылкы. Архив
Тоодогу жылкы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү эл үч күн мурда алардын мал издеп жүргөнүн көргөнүн айтып беришкен.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Эки күн мурда Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Терек айыл аймагында "Күйгөн-Өтөк" деп аталган жерде белгисиз адамдын сөөгү табылган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматтарга ылайык, милиция кызматкерлери аталган жерге барып өлгөн адамдын сөөгүн алып келген. Ал 1994-жылы туулган жергиликтүү жаран болуп чыккан.

Жергиликтүү элдин айтымында, 7-декабрь күнү эки адам "Орто-Сырт" жайытын көздөй жөө кетип бара жатканын көрүшкөн.

"Каза тапкан баланын жанынын кошуна Үгүт айылынын тургунун көргөндөр болгон. Балдардын мал издеп жүргөнү белгилүү болгон. Эртеси, 8-декабрда түнкү саат 02:00дө балдарын бири байкесине чалып алар үшүп жатканын айтып, ошол бойдон кабарсыз кеткен", — деп жазылат маалыматта.

Учурда 12 адам — жоголгон баланын туугандары издөө иштерин улантып жатат. Эгер жыйынтык болбосо куткаруучуларга кайрыларын билдиришкен.

Чабандардын айтымында, катуу жааган кардан 8-декабрдан бери жайытка унаа менен да барууга мүмкүн болбой калган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0