Сузакта бир үй-бүлө бычакталып, төрт киши өлдү

© Sputnik / Табылды КадырбековСлучаи поножовщины в Кыргызстане
Случаи поножовщины в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Барпы айылында 6-декабрдан 7-декабрга караган түнү катталган.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Сузак районуна караштуу Барпы айыл өкмөтүндө бир үй-бүлө бычакталды. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, окуя Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Барпы айылында 6-декабрдан 7-декабрга караган түнү катталган.

Жизнь и быт жителей Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
Милиция Сузактагы бычакталган үй-бүлө боюнча окуянын чоо-жайын айтып берди
"Мага азырынча маалымат толугу менен келе элек. Бирок мен уккан кыскача кабарда Россияда иштеп келген күйөө баласы мас болуп алып, 600 миң акчанын айынан чыр чыгарып, кайын атасын, кайын энесин жана жубайын бычактап, андан соң өзүнө да бычак уруп өлгөн", — деди Сузак районун акими Абдумуктар Маматов.

Ал окуя боюнча кийинчерээк толук маалыматтар берилерин кошумчалады.

Жергиликтүү бийликтин айтымында, бул милиция боюнча иштеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0