БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Бишкекте жол кырсыгы катталып, бир жоокер каза болду. Бул тууралуу Башкы штабдан билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Жукеев-Пудовкин менен Аалы Токомбаев көчөсүнүн кеселишинде болгон.
"Кагылышкан эки унаанын биринде №73809 аскер бөлүгүнүн эки аскери болгон. Бирөөсү кырсыктан каза болуп, экинчиси шаардык №4 ооруканага жаткырылды. Мындан сырткары, жабыркаган башка жарандар да ооруканага жеткирилген", — деп жазылат маалыматта.
Аталган жол кырсыгы боюнча Аскер прокуратурасына маалымат берилип, учурда тергөө иштери башталды. Жол кырсыгынын себептерин Кайгуул милиция кызматкерлери да иликтеп жатат.