БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Казак-орус чек арасы менен Россияга ашказанына катып баңгизат алып өтүүгө аракет кылган кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Казакстандын чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 20 жаштагы кыргызстандык Бишкек — Томск каттамы боюнча автобус менен чек арадан өтүүгө арекеттенген.
"Чек ара кызматынын адистери автобусту тинтүү учурунда бөтөлкөнүн ичинен героин табышкан. Мындан сырткары, 20 жаштагы кыргыз жаранынын ашказанында капсулага салынган героин бар экендиги белгилүү болгон", — деп жазылат маалыматта.
Кармалган жаран ооруканага жаткырылып, ашказанындагы 15 капсула героин алынган. Учурда аталган факт боюнча кылмыш иши козголду.