Түнкүсүн үйүнө келе жатып түркүктү сүзгөн айдоочунун абалы оор

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалыматтар боюнча айдоочу уктап кеткен.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Бишкекте түнкү саат үчтөр чамасында Opel унаасы түркүктү сүзүп алгандыгын күбө Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp номери аркылуу билдирди. 

Аталган маалыматты Кайгуул милициясы тастыктады. 

"Түнкү саат үчтөрдө Горкий менен Достоевский көчөлөрүнүн кесилишинде айдоочу түркүктү сүзүп алган. Окуя болгон жердин жанында эле жашайт экен. Алдын ала маалыматтар боюнча үйүнө келе жатып уктап кеткен. Аны оор абалда Тез жардам кызматкерлери алып кетишти", — деп айтылат Кайгуул милициянын маалыматында. 

Ал эми Тез жардам кызматынан айдоочу өтө оор абалда Улуттук госпиталдын реанимация бөлүмүнө жаткырылганын билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0