09:51 09 Бештин айы 2016
Түз эфир
Сейсмограф аппараты. Архивдик сүрөт

Өлкөнүн түштүгүндө жер титиреди

© Sputnik / Игорь Носов
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
65 0 0

Жер титирөөнүн очогу Кытайда жайгашкан.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Жергиликтүү убакыт боюнча саат 13:22де Ош облусунун Нура айылында күчү 3 баллга жеткен жер титирегенин ӨКМ Сейсмология институтуна шилтеме берүү менен билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөнүн очогу Кытайда катталып, Нура айылынын түштүк-батышты карай 37 чакырым алыстыкта орун алган.

Кыйроолор жана жабыркагандар болгон эмес.

Белгилей кетсек, ноябрь айынын аягында дагы Нура айылында бир нече жолу жер титиреген.

Тема боюнча

Кайран жер силкинип, Алайдын Нурасында 4 баллга жетти
Белгилер:
жер титирөө, ӨКМ, Нура, Ош

ЭҢ МААНИЛҮҮ