БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Улуттук госпиталдын аймагынан 25 жаштагы кишинин асынып калганын Бишкек шаардык ИИБи тастыктады.
Окуя кечээ күндүз болгон. Милиция аталган фактыны суицид катары каттоого алган.
Окуянын чоо-жайы азырынча белгисиз. Укук коргоо органдарындагы өздүк булактын билдиришинче, маркум жаран Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында окутуучунун ассистенти болуп иштеген.
Академиядан азырынча бул окуя боюнча түшүндүрмө бере элек. Милиция тергөө амалдарын жүргүзүүдө.