Ысык-Көлдө браконьерлер кармалып, узундугу 3,3 чакырым болгон балык тору табылды

© Фото / пресс-служба NABUСовместный рейд антибраконьерская группа "Барс" NABU и сотрудники Госэкотехинспекции (ГЭТИ)
Совместный рейд антибраконьерская группа Барс NABU и сотрудники Госэкотехинспекции (ГЭТИ) - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рейддин жыйынтыгында мыйзамсыз балык уулаган үч адам кармалып, эки кайыгы алынды.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулагандар кармалды. Бул тууралуу Германиянын айлана-чөйрөнү коргоо Союзунун (NABU) "Барс" атайын тобунун маалымат катчысы Зарина Эсенбаева билдирди.

Анын айтымында, "Барс" тобу жана Мамлекеттик экотехинспекциясынын Жети-Өгүз менен Тоң райондорундагы башкармалыктары биргелешип рейд жүргүзүшкөн.

"Рейддин жыйынтыгында мыйзамсыз балык уулаган үч адам кармалып, алардын эки кайыгы алынды. Мындан сырткары Ысык-Көл суусунун алдынан узундугу 3360 метрди түзгөн 42 балык тору алынды", — деди Эсенбаева.

Аюу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Токтогулдун жашоочуларынын үйүнөн аюунун эти менен териси табылды
Балык кармагандарга каршы түзүлгөн "Барс" атайын тобунун жетекчиси Курманбек Дүйшеевдин билдирүүсүнө таянып, Эсенбаева бул райондордо учурда мыйзамсыз балык уулоо күч алып жатканын баса белгиледи.

"Мыйзамсыз балык кармагандарга каршы күрөшүү инспекторлоруна жөнөкөй эле кайыктар, унаалар жада калса күйүүчү майга акча берилбейт. Ал эми NABU рейд учурунда ар тараптан колдоо көрсөтүп келет. Бирок бул маселе көмүскөдө калбашы керек", — деди Эсенбаева.

Белгилүү болгондой, мыйзамсыз балык уулагандардан "Ысык-Көлдүн сига" деген балыгы табылган.

"Мыйзамсыз балык уулоого 15 миң 150 сом айып салынат. Бирок учурда балык уулаганга такыр эле тыюу салынгандыктан айып пулдун баасы мындан да жогорулашы мүмкүн", — деди Эсенбаева.

Ал ошондой эле Жети-Өгүз жана Тоң райондорундагы Мамлекеттик экотехинспекциянын башчысына жана улуу инспекторуна ыраазычылык билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0