Кайыңдыда жолдо жаткан кишини куткарам деген милиционерди унаа коюп кетти

Жазылуу
Кырсыкка себепкер айдоочу жолдо жаткан кишини да, өзү сүзүп алган милиция кызматкерин да ооруканага жеткирген.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Панфилов районундагы Кайыңды айылында жолдо жаткан кишини тургузуп, жардам көрсөтүүгө аракеттенип жаткан РИИБдин кызматкери Алексей Тецкийди унаа коюп кеткенин Чүй ОИИББ билдирди.

© Фото / пресс-служба ГУВДРИИБдин кызматкери Алексей Тецкий
Участковый ОВД Панфиловского района Алексей Тецкий - Sputnik Кыргызстан
РИИБдин кызматкери Алексей Тецкий

Милиция кызматкерлири. Архив - Sputnik Кыргызстан
Абага атылган ок унааны айдай качкан ууруну токтотту
Маалыматка ылайык, кырсык 18-ноябрь күнү саат 21.30да болгон. Бишкек — Чалдывар унаа жолу менен бараткан Тецкий жол четинде болжол менен 30-35 жаштардагы киши жатканын көрөт. Машинасынан түшүп, жабырлануучуга жардам көрсөтүүгө аракет кылып жатканда аны BMW 520 үлгүсүндөгү унаа коюп кеткен.

Чүй ОИИББ кырсыкка себепкер айдоочу жолдо жаткан кишини да, өзү сүзүп алган милиция кызматкерин да ооруканага жеткиргенин белгилейт. Жолдогу адамга жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө кое берилсе, Тецкий учурда ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Жаңылыктар түрмөгү
0