БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Бишкектеги суу кардан улам 99 дарак кулады. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдирди.
Маалыматка ылайык, "Зеленстрой" ишканасы бир күн ичинде жолго кулап түшкөн 99 даракты жана кар көтөрө албай сынып кеткен 67 бутакты тазалаган.
"Жарандардан 166 билдирдүү түшүп, алар "Зеленстрой" ишканасынын кызматкерлери тарабынан түнү бою тазаланды. Кардан улам кулаган дарактардан 21 унаа жабыркап, бир аялды бутак басып калган. Учурда жабырлануучунун абалы дурус", — деп жазылат маалыматта.
Кулаган дарактарды тазалоого 10 атайын унаа, төрт трактор жана 68 кызматкер тартылды.
Бишкек мэриясы жарандардан маалыматтык жактан колдоо көрсөтүүнү өтүнүп, төмөнкү номерлер аркылуу байланышууга чакырат.
- Аскат Карынбаев (Ленин району) — 0557 997 927;
- Таалайбек Акматбаев (Октябрь району) — 0554 955 509;
- Руслан Шарапов (Биринчи Май району) — 0558 336 640;
- Марат Матмусаев (Свердлов району) — 0555 447 154.