Түндө Бишкекте таксист өлтүрүлүп, шектүү жаран кармалды
Түндө Бишкекте таксист өлтүрүлүп, шектүү жаран кармалды
Sputnik Кыргызстан
Шектелген жаран таксистти чырдашып кеткенден кийин өлтүргөнүн мойнуна алып, сөөктү мүрзө менен Дордой базарынын ортосундагы жерге ыргытып жибергенин айтып... 17.11.2016, Sputnik Кыргызстан
Шектелген жаран таксистти чырдашып кеткенден кийин өлтүргөнүн мойнуна алып, сөөктү мүрзө менен Дордой базарынын ортосундагы жерге ыргытып жибергенин айтып берген.
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Бишкекте таксист өлтүрүлгөндүгү тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматынын жетекчиси Таалай Бугубаев билдирди.
Анын айтымына караганда, шаршемби түнү Ак-Өргө районундагы Гагарин менен Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишинде унаа токтоп турган.
Таксистти өлтүрүүгө шектүүнү кармаган милиция кызматкерлери
"Милиция кызматкерлери унаанын жабыркаганын байкап аны текшерип көрүүнү чечишкен. Унаада отурган жарандын айдоочулук күбөлүгү жок экени аныкталган. Ал канга боелуп отурган. Унаанын салону дагы булганып калган. Милиционерлер ага жардам көрсөтүү үчүн ооруканага алпарууну сунуштаганда, ал адам өлтүргөнүн моюндаган", — деп билдирди Бугубаев.
Сурак маалында аталган жаран 200 сом үчүн таксистти өлтүргөнүн айтып берген.
"Жарандын берген маалыматы боюнча таксист аны айткан жерине жеткиргенден кийин жүргүнчүнүн акчасы жок болуп чыккан. Ортодо чыр чыгып, мушташып кетишкен. Жүргүнчү таксистти өлтүргөндөн кийин сөөктү Дордой базары менен мүрзөнүн ортосуна ыргытып салган", — деп билдирди милиционер.
Ал белгилегендей, милиция көрсөтүлгөн аймакка барып таксисттин денесин табышкан. Шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип тергөө иштери жүрүп жатат.