ӨКМ: Исфанада аласалып кеткен унаанын цистернасынан күйүүчү май агып жатат

Жазылуу
Кырсык болгон жерде куткаруучулар ыкчам чара иштерин жүргүзүп жатат.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Исфанада "МAN" үлгүсүндөгү унаа оодарылып кеткендигин ӨКМден кабарлашты. 

Билдирмеге караганда, кырсык бүгүн саат 11.30 чамасында болгон.

"Учурда цистернадан дизель майы агып жатат. Жабыркагандар жок", — деп айтылат маалыматта. 

Кырсык болгон жерде куткаруучулар ыкчам чара иштерин жүргүзүп жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0