БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. "Манас" аэропортунда бомба коюлгандыгы тууралуу билдирүүдөн улам төрт авиакаттам убактылуу токтотулганын компаниянын маалымат кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, буга чейин бомба тууралуу кабардан соң эмгек жамаат менен жүргүнчүлөр аэропорттон чыгарылганы айтылган. Ал эми маалымат кызмат тараткан билдирүүсүндө бомба 17.00дө уча турган учактардын бирине коюлганы айтылганын кошумчалаган.
"Учурда эвакуациядан улам төрт каттам токтотулду. Алар 17.00дө Ошко, 17.20да Москвага, 17.45те Новосибирскиге жана 18.10до Сургутка уча турган каттамдар", — деп айтылат маалыматта.
Аталган каттамдар дагы канча убакытка чейин кармала турганы жеринде иштеп жаткан УКМК жана ИИМ кызматкерлеринин иш-аракетине жараша белгилүү болмокчу.